Дикек

Википедия дан

Дикек– ичи ичтелип, сырты кооздолуп жасалган жылуу ат жабуу. Өрмөкчүлүк («терме», «беш кеште», «кажары») ыкмасы менен көркөмдөлүп согулган таардын ич жагына кийиз ичтелип, саймаланып, чети түймө менен чачыкталат. Анын жиби ичке ийрилет да, көбүнчө «бычак учу», «тумарча», «жарым ийрек» өңдүү көчөттөр түшүрүлөт. Кээ бир аймактарда «шырдак» тердик жабылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1