Диксон

Википедия дан
Диксон.

ДиксонКарск деңизиндеги арал. Енисей булуңунда. Материктен 1,5 км обочо жайгашкан, Краснояр крайында. Аянты 25 км2дей. Бийиктиги 50 мге чейин. Гидрометеорологиялык станция 1916-жылдан иштейт; анын базасында 1930-жылдарда арктикалык радиометеорологиялык борбор жана геофизикалык обсерватория курулган. Аралдагы Диксон шаарчасы (теңи материкте жайгашкан) – Түндүк деңиз жолундагы маанилүү порттордун бири. Аэропорт бар.

Орус поморлору 17-кылымдын башында ачкан. 1878-ж. саякатчы А. Норденшельд өзүнүн экспедициясын каражаттаган швед көпөсү Диксондун ысмынан атаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1