Дилос

Википедия дан

Дилос - Эгей деңизиндеги арал. Анда б. з. ч. З-мин жылдыкта эле адам жашаган.

Дилос Байыркы Гредиянын ири диний жана б. з. ч. 478/477-454/453-ж. Делос союзунун борбору болгон.

Б. з. ч. 4-кылымда жана 1- кылымдын башында эл аралык соодада (кул жана дан сатууда) маанилүү роль ойногон. 2-кылымда Чыгыштагы рим көпөстөрүнун соода жана финансы иштери жүргүзүлүүчү негизги пунктуна айланган.

Дилос б. з. 1-кылымда маанисин жогото баштаган. Б. з. ч. 88-ж. Понти падышасы Митридат талкаласа, 69-ж. каракчылардан биротоло кыйраган.

1877-жылдан баштан жүргүзүлгөн казуулардын убагында Дилостон көп жазуулар, архитектура жана искусство эстеликтери табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.