Диметиланилин

Википедия дан

Диметиланилин, үчүнчүлүк майлуу ароматтык амин; түссүз, өзүнө мүнөздүү жыты бар, май сыяктуу суюктук; кайноо t 193,5оС;

Д. анилин күкүрт кислотасы менен метил спирти аралашмасын автоклавда ысытуудан:

C6H5NH2×H2SO4 + 2CH3OH ® C6H5N(CH3)2× × H2SO4 +2H2O

же анилин менен метанол бууларынын аралашмасын катализатор үстүнөн өткөрүү менен алынат. Башка майлуу ароматтык аминдер сыяктуу, экинчилик жана үчүнчүлүк таза ароматтык аминдерге караганда, өтө күчтүү негиздик касиетке ээ. Д. мол-сындагы -N(СН3)2 тобуна карата п-абалында жайгашкан суутек атому кыймылдуу келип, орун алмашуу реакцияларына кирет. Мис., Д. менен азоттуу к-танын ортосундагы реакцияда п-абалдагы суутек нитрозотобу менен орун алмашып п-нитрозодиметиланилиндин мол-сын пайда кылат.

(СH3)2N-C6H4-H+HONO ® (CH3)2N-C6H4-NO+H2O Ал эми эки мол-а Д. фосген менен болгон реакциясында фосген мол-сындагы эки хлор атомунун п-абалындагы суутек атомдору менен орун алмашуусунан Михлер кетону пайда болот:

Михлер кетону түссүз кристаллдык зат, кээ бир боёкторду синтездөөдө колдонулат. Д. жарылгыч заттарды (тетрил), сүрөт ишинде колдонулуучу өңүнө чыгаргыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]