Динамика (маданиятта)

Википедия дан

Динамика (маданиятта) 1) көркөм искусстводо – кыймылды, мезгилдик өзгөрүүлөрдү, ички кубатты сырттан көрсөтүү. Көркөм искусстводо статикалык башталыштары, тең салмактуулуктун туруктуулугу жана тектоника тигил же бул өлчөмдө динамика менен, башкача айтканда кыймылдын башталышы, ыргак, кубат, толкуу менен айкалышат. Убактылуу, динамикалык көркөм исккусстводон айырмаланып алар көз менен көрүп, кулак менен уккан образ жана формалардын чыныгы кыймылын өз ичине камтыйт, пластикалык көркөм искусстводо чыныгы кыймыл жок. Бирок алардын образын кабылдоо – мезгил ичинде болот, ошондуктан пластикалык көркөм искусство кыймылсыз болсо да, аларды кабыл алуу да динамика көз менен көрүп, кулак менен уккан образ жана формалардын чыныгы кыймылын өз ичине камтыйт. Мейкиндик формаларынын пропорциялары менен бөлүнүштөрү, композициянын туруктуулугу же туруксуздугу, живопистеги ар сүртүмдөрдүн мүнөзү – мына ушунун баары белгилүү бир ыргакты түзөт жана ал мезгил менен кабыл алынат. Ал эми мейкиндиктеги орун которуунун тездигин көрсөтүүдө, көркөм форма элементтеринин кыймылдуулук таасирин түзүүдө динамика ушул ыргакты тездетет жана акырындатат. Көркөм искусствонун тарыхында шайкештик менен кыймылсыз тынчтык (байыркы грек классикасы, роман стили, классицизм кайра жаралуусу) көбүрөөк орун алган доорлор менен стилдер динамиканын өсүшү (эллинизм, готика, барокко) менен алмашат. Динамикалык ыргактар үстөмдүк кылган багыттарга экспрессионизм, футуризм кирет; 2) музыкада – добуш күчүнүн жогорулашына же басаңдашына байланыштуу кубулуштардын жыйындысы. Динамика үндүн ар кандай баскычындагы күчүн, анын тез жана жай алмашышын, үндүн өзүнчө өзгөчөлөнүшүн көрсөтөт. Негизги түрлөрү: piano (р) – акырын, кыбылжыган жана аorte (а) – катуу, бийик. Булардын туундулары: meяяo piano (mp) – орточо акырын, meяяo аorte (mа) – орточо катуураак; pianissimo (pp) – өтө акырын, аortissimo (аа) – өтө катуу жана башка. Үндүн акырындап катуулашы – crescendo (графикалык белгилениши <), акырындап басаңдашы – diminuendo (>) аркылуу белгиленет. Динамиканын белгилерине акценттин түрлөрү да кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1