Мазмунга өтүү

Динара Руслан

Википедия — ачык энциклопедия
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда. Өчүрүү сунушу төмөнкү себеп боюнча киргизилген:
Энциклопедиялык эмес макала, энциклопедиялык мааниге ээ эмес
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.

Динара Руслан (кызы) – CodifyLab Academy – программалоо жана дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын жана Креативдүү өнөр жай ассоциациясынын башкаруусунун мүчөсү[1]. 2022-жылы ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" программасынын ѳкүлү катары жарыяланган[2].

Билими жана IT тармагында иштеп башташы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Руслан орто мектептин 9-классынан кийин Кыргызстан Эл аралык университетинин алдындагы физика-математика колледжине программалоо адистигине тапшырган.

2010-жылы 18 жашында Work and Travel программасынын алкагында АКШга кеткен. Ал жактан IT тармагында иштей баштаган. 2015-жылы Калифорниядагы Линкольн университетинин магистратурасын аяктаган. 2016-жылы Кыргызстанга кайтып келип IT компаниясында долбоордун менеджери болуп иштей баштаган[3].

2020-жылы Динара Руслан Codify lab (англис тилинен "coding" - программалоо жана "өзгөртүү" - өркүндөтүү) IT компаниясын ачкан, ал эки жылдын ичинде Кыргызстандагы эң ийгиликтүү стартаптардын бирине айланган. Бүгүнкү күндө компания 6 миллион долларга бааланат[4].

2021-жылы Динара Руслан Сингапурда Antler акселерация программасын аяктап, 100 000 доллар инвестиция алган[5].

Коомдук ишмердүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Руслан 2021-жылдын апрелинде премьер-министр Улукбек Мариповдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган[6].

  1. ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын жаңы Өкүлү – Динара Руслан. Юнисеф Кыргызстан. 29 Апрель 2022. https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/Пресс-релиздер/юнисефтин-илимдеги-кыздар-программасынын-жаңы-өкүлү-динара-руслан
  2. Динара Руслан стала сподвижницей программы ЮНИСЕФ "Девочки в науке». 28 апреля 2022. Kaktus Media. https://kaktus.media/doc/459122_dinara_ryslan_stala_spodvijnicey_programmy_unisef_devochki_v_nayke.html
  3. Жылдыз Аджиева. IT без гендера: как кыргызстанка создала компанию с оценкой в $5 млн. https://forbes.kz/articles/it-bez-gendera-kak-devushka-sozdala-kompaniyu-s-otsenkoy-v-5-mln
  4. Азиза Бердибаева. Чем занимается первая в Кыргызстане IT компания, стоимостью $6 млн? История Динары Руслан. 13 нояб. 2022. https://economist.kg/biznes/2022/11/13/chem-zanimaetsya-pervaya-v-kyrgyzstane-it-kompaniya-stoimostju-6-mln-istoriya-dinary-ruslan/
  5. "Из нации мигрантов — в нацию стартаперов": как Динара создала компанию в $6 млн и помогает начинающим стартаперам? https://limon.kg/ru/news:80246
  6. Динара Руслан назначена советником премьер-министра на общественных началах. 24 апреля 2021. https://kaktus.media/doc/436715_dinara_ryslan_naznachena_sovetnikom_premer_ministra_na_obshestvennyh_nachalah.html