Диний культ

Википедия дан

Диний культ — диний-магиялык көз караштын негизинде ар кандай заттарды ыйык нерсе деп эсептеп, аларга ишенип, диний жол менен табынуу. Диндин тарыхый формаларына, анын өнүгүү этаптарына мүнөздүү культтук комплекстер бар. Мисалы, диний культтун алгачкы формаларына коомдук турмуштун белгилүү чөйрөлөрү менен байланыштуу болгон культтар мүнөздүү болсо, кийинки диндерге мифтик ишенимдер аралашып, алгачкы киши сымал кудай культтары келип чыккан. Алгачкы жамааттык коомдогу сыйкырчылык бийлер кийинчерээк көп диндердин культтук курамына кирген. Диний культ диндердин тибине, жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнө карата бири экинчисинен багыты, түзүлүшү жана маани-маңызы боюнча кескин айырмаланары илимде маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]