Диоген

Википедия дан
Диоген Синоптук‎»‎ барагынан багытталды)

Диоген Синоптук (биздин заманга чейин. 400–325-жылдар чен) – байыркы грек философу. Дүйнөбаам окуусунун киниктер мектебин негиздеген Антисфендин шакирти. Ал маданиятты жерип, адамзатты алгачкы жамааттык жапайы абалга кайтууга чакырган, анткени маданиятты адам үстүнөн жасалган зордук катары карап, аял менен баланы жалпы деп эсептеген. Ашкере чектен чыккан, (келесоо чалыштыкка жеткен) аскетизмди даңазалаган. Цивилизацияны, айрыкча мамлекеттин зарылдыгын четке каккан. Ата мекенди танган, өзүн дүйнө жараны – космополит деп атаган. Кудайды, динди четке каккан. Жалаң жаратылыш мыйзамын туурап жашоого үндөгөн. Уламыш боюнча чоң челекте (пифосто) жашаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1