Дипломатиялык укук

Википедия дан

Дипломатиялык укукмамлекеттик , эл аралык уюмдардын ортосундагы дипломатиялык алаканы жөнгө салуучу эл аралык укук нормалары. Дипломатиялык укук системасы эл аралык алаканы жөнгө салуунун төмөндөгүдөй негизги формаларына ылайык келет: а) бир мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу башка мамлекет аймагында ишке ашырылуучу эки тараптуу дипломатия; б) конкреттүү маселелерди чечүү максатында башка мамлекетке же эл аралык жолугушууга (конференцияга) атайын миссия жиберүү; в) эл аралык уюмдардын делегациясы жана мамлекеттердин эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрү же уюмдардын өздөрү аркылуу ишке ашырылуучу көп тараптуу дипломатия. Дипломатиялык укук дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясына (1961), атайын миссиялар жөнүндөгү конвенцияга (1969), ошондой эле ар бир өлкөнүн мыйзамдарына таянат. Чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле элчиликтин жана миссиянын дипломат кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү дипломатиялык иммунитеттен пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1