Дирилдөө техникасы

Википедия дан

Дирилдөө техникасы – 10 мгцтен 10 кгцке чейинки жыштыктагы механикалык термелүүнү козгоочу каражаттар менен ыкмалардын жана дирилдөөнү башкаруу, өлчөө, текшерүү, ошондой эле зыяндуу дирилдөөгө каршы күрөшүү ыкмаларынын жыйындысы. Дирилдөө техникасына пайдалуу жумушту аткаруу (топуракты жана бетон аралашмасын тыгыздоо жана ныктоо, сыноолорду жүргүзүү жана башка) үчүн дирилдетилүүчү куралдар жана түзүлүштөр, дирилдөөнү башкаруучу, өлчөөчү аппараттар жана зыяндуу дирилдөөнү токтотуучу, басаңдатуучу, жок кылуучу түзүлүштөр кирет. Булар 500 гцке чейинки жыштыктагы термелүүнү берүүчү борбордон четтөөчү, электр-магниттүү (50–100 гц), поршендүү (1–80 гц), ийри муунак-шатундуу (1–20 гц) дирилдетип жүргүзгүчтөр менен кыймылга келтирилет. Дирилдөөнүн параметрлери (которулушу, ылдамдыгы жана ылдамдануусу, жыштыгы, фазасы, амплитудасы) виброметр жана акселерометр менен өлчөнөт. Дирилдөөнү өлчөөчү аппаратура билдиргичтен, өзгөрткүчтөн, анализдегичтен, көрсөтүүчү жана каттоочу приборлордон, сигналдык түзүлүштөн турат. Дирилдөө техникасынын негизги милдеттеринин бири – адам, машина, прибор жана курулуштарды дирилдөөнүн зыяндуу таасиринен сактоо. Бул үчүн дирилдөөнү баскыч, статистикалык жана динамикалык теңдегичтер, инерциялык жана серпилгич элементтер кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1