Мазмунга өтүү

Диспергирлөө

Википедия — ачык энциклопедия

Диспергирлөө – катуу жана суюк заттарды майдалоо, б.а. күкүм, суспензия, эмульсия, аэрозоль сыяктуу дисперстик системалар алуу. Газ чөйрөсүндө суюктуктар тамчы түрүндө чачуу, суюк чөйрөдө суюктуктарды бири-бирине аралаштыруу-эмульгирлөө деп аталат. Суюктуктар тамчыга айландыруу үчүн жогорку басымда иштөөчү (3,5·107 Па) гомогенизаторлор, коллоиддик тегирмендер, инжектор жана форсункалар, турбиналык аралаштыргычтар, акустикалык жана электрдик таасирдин алдында иштөөчү аспаптар пайдаланылат. Д. минералдык, орг. заттарды, полимердик материалдар, пигменттер, боектор, тамак-аш жана дары-дармектерди алууда колдонулат. Жаратылышта Д. тектоникалык процесстер, тоо-кендердин шамалдашы жана топурактын түзүлүшү менен шартталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]