Дисперсиялык анализ

Википедия дан

Дисперсиялык анализ – дисперсиялык системадагы заттардын майда бөлүкчөлөрүнүн өлчөмдөрүн, дисперстик даражасын аныктоо методдору. Дисперсиялык анализ седиментациялык, оптикалык жана электрондук микроскопия, кондуктометрия, нефелометрия, диффузиялоо жана башка жолдор менен жүргүзүлөт. Тоотек, топурак, курулуш материалдары, куйма жана башка заттар көп касиеттерин дисперстүүлүгүнө жараша өзгөртөт. Дисперсиялык анализ илимдин жана өндүрүштүн түрдүү тармактарында системалардын (суспензия, эмульсия, золдор, адсорбенттер жана башка) дисперстүүлүгүн аныктоодо жана топурактын асылдуулугун көтөрүүдө, цементтердин, түрдүү эмульсиялардын сапатын жакшыртууда, жогорку сорттогу куймаларды, синтездик материалдарды даярдоодо жана башка тармактарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1