Диспетчирдик борбору

Википедия дан

Диспетчирдик борбору - автоматика жана телемеханика каражаттарын пайдаланып, т. ж. станцияларында поезддердин кыймылын бир пункттан башкаруу системасы.

Диспетчирдик борборунда автоблокировка, телебашкаруу жана телесигналдоо аппаратурасы, станцияларда көрсөткүч белгилерди жана сигналдарды жерг. башкаруу түзүлүштөрү, борборлоштурулган диспетчердик аппарат, поезддерди автоматтык түрдө каттап туруучу түзүлүш ж. б. болот.

Станциялар жана разъезддер аркылуу поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү иштерин башкаруу пунктундагы поезддик диспетчерлер аткарып, аларды токтоосуз өткөрүү светофор менен автоматтык түрдө жөнгө салынат. Борбордук башкаруучу пост башкарылуучу участкалардан бир кыйла алые болуп, ортодогу стапциялар бир жердей башкарылат. Диспетчирдик борбору бир колеялуу темир жолунда колдонулуп, аларда поезддерди өткөрүү жөндөмдүүлүтүн 25-30% жогорулатуу менен коп учурларда катарлаш экинчи жолду курбоого жана тойлөөчү адамдардын санын азайтууга шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.