Мазмунга өтүү

Диссанаяке Анура Кумара

Википедия дан
Анура Кумара
Желек
Желек
Шри-Ланканын президенти
желек
желек
 23-сентябрь, 2024
Андан мурунку: Викрамасингхе Ранил
 
Жарандыгы: Калып:Өлкө желек
Дини: бурканчылык
Партиясы: Джанатха Вимукти Перамуна

Диссанаяке Анура Кумара (сингал. අනුර කුමාර දිසානායක, там. அனுர குமார திசாநாயக்க; 24 ноябрь 1968 жыл) — Шри-Ланкалык саясатчы, 2024-жылдын 23-сентябрынан бери Шри-Ланканын 10-президенти[1], Коломбо округунун парламентинин мурдагы депутаты жана Джанатха Вимуктхи Перамуна жана Улуттук элдик бийлик партияларынын азыркы лидери[2].

Анура Кумара 1968-жылы 24-ноябрда Шри-Ланканын Түндүк Борбордук провинциясынын Анурадхапура районундагы Тамбутегама айылында төрөлүп, башталгыч билимди ошол жерден алган. Анын атасы кичинекей кызматчы болгон. Анура Кумара анын мектебинин биринчи бүтүрүүчүсү болуп университетке өттү[3].

Студенттик жылдарында ал саясатка аралашып, солчул Жаната Вимукти Перамуна жаштар уюмуна кошулган. 2000-жылы ДВПдан парламентке депутат болуп шайланып, 2004-жылы ДВП Эркиндик партиясы менен коалициялык өкмөт түзгөндө айыл чарба министри болгон. Бир жылдан кийин коалиция ыдыраганда мандатын тапшырган[3][4].

Ал 2014-жылы ДВП лидери болгон. Анын популярдуулугу 2022-жылдагы массалык нааразылык акцияларынан улам жогорулаган. Дисанаяке өзүн популярдуу эмес саясий элита менен байланышпаган саясатчы катары көрсөтөт[3].

Президенттик

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шри-Ланкада президенттик шайлоо 2024-жылдын 21-сентябрында өткөн. Экинчи турда Анурду 5 740 179 жаран (55,89%) колдоду, бул анын эң жакын атаандашы Сажит Премадасадан бир миллионго көп[5][6].