Дистрофия

Википедия дан

Дистрофия (балдарда) — организмдин азык заттарды сиңирүүсү, зат алмашуусу бузулуу менен коштолгон тамактануунун өнөкөт начарлашы.

Пайда болгон себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаш балдарда көп жолугат. Дистрофия балдарды сапатсыз жана жетишсиз же ашкере тамактандыруудан (өзгөчө углеводдуу тамактарды көбүрөөк берүүдөн), көпкө ачка болуудан, тамак сиңирүүнүн бузулушунан пайда болот. Түрдүү инфекциялык оорулар (мисалы, дизентерия, өпкөнүн сезгениши), баланы туура эмес багуу жана башка да себеп болот. Эне сүтү баланы тойгузбай, сүттө азык заттар, витаминдер жетишсиз болгондо дистрофия эмчектеги балдарда да болот.

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун белгилери: бала арыктап, салмагын жоготот, начар өсөт, ичеги карын иши, нерв системасы бузулат, ошондой эле организмдин ар кандай ооруларга туруктуулугу начарлайт. Дистрофиянын башка түрүндө бир түрдүү (сүт, ундан жасаган тамактар) тамактандыруудан балдар толук көрүнөт, бирок денеси чымыр эмес, борпоң болуп аз кыймылдайт, алсызданып, өңү кубарып, ооруга бат чалдыгат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону себебине карата врач жүргүзөт. Эгер дистрофия тамак-аш жетишсиздиктен болсо, ага кошумча тамактандыруу белгиленет, күчтүүлөп, витаминдүү тамактандыруу, массаж, гимнастика сунуш кылынат, гигиенаны сактоо зарыл.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дистрофияны алдын алууну бала төрөлө электе, кош бойлуу кезден баштоо керек. Кош бойлуу аялдар күн тартибин туура сактап, түрдүүлөп тамактануусу зарыл. Бала төрөлгөндөн кийин жетиштүү туура тамактандырып, күн тартибин сактап, жакшы тарбиялоо, балдарда көп кездешүүчү ооруларды (ангина, тиш оорулары жана башка) өз убагында дарылоо керек. Эне сүтү балага алмаштыргыс азык болгондуктан эмчек сүтү менен тамактандыруу талапка ылайык. Эгерде эненин сүтү жетишсиз болсо, анда бала өз убагында кошумча тамак алууга тийиш. Кошумча тамак менен бирге балага керектүү өлчөмдө витаминдерди, айрыкча С, А, В жана Д витаминдерин берүү пайдалуу.
Арыктаган балдарды жугуштуу оорулардан сактоо керек. Баланы таза кармап, тамактарын туура даярдап жана бала ойногон оюнчуктарды жууптазалап туруу талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8