Диуретиктер

Википедия дан

Диуретиктер (гр. diureo - сийдик чыгарам) - организмден сийдикти көбөйтүп чыгаруучу каражаттар.

Алар ткандагы, сероздуу көңдөйлөрдөгү суюктукту азайтат. Диуретиктер жүрөк-кан тамыр системасынын, боор. бейрок ооруларынын натыйжасында пайда болгон шишиктерде колдонулат. Алар бөйрөктүн өзүнө жана организмдин башка системалары аркылуутаасир этүүчү болуп бөлүнөт. Биринчисине меркузал, новурит, диакарб, дихлотиазнд, лазикс ж. б., экинчисине аммоний хлориди, калий ацетаты, мочевина ж. б. кирет.

Диуретиктер катары айрым өсүмдүктөрдүн (мисалы, аюу кулак, талаа кырк мууну) манызы да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.