Дифракциялык торчо
Дифракциялык торчо – иреттүү жайланышкан жарык өткөрбөгөн аралыктар менен бөлүнгөн көп сандаган өтө кууш жылчыктардан турган оптикалык элемент. Дифракциялык торчодогу дифракциялык сүрөттөлүш бардык жылчыктардан келген когеренттүү толкундардын өз ара интерференциясынын натыйжасы болуп эсептелет.
Жөнөкөй бир өлчөмдүү Дифракциялык торчону карап көрөлү. 1-сүрөттө Дифракциялык торчонун эки MN жана CD жылчыгы көрсөтүлгөн. Ар бир жылчыктын жазылыгы a, алардын арасындагы аралык b болсо, анда d=a+b чоңдугу Дифракциялык торчонун мезгили деп аталат. Жалпак монохроматтуу толкун Дифракциялык торчонун тегиздигине тик келип түшсүн дейли. Жылчыктар бири биринен бирдей аралыкта жайланышкандыктан, эки коңшу жылчыктан келген нурлардын өткөн жолунун айырмасы Дифракциялык торчодо берилген j багыты боюнча бирдей:
D = CF=(a+b)sinφ=d sinφ.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0