Диэлектрдик коромжулук
Диэлектрдик коромжулук – диэлектрикти кайра поляризациялаган өзгөрмөлүү электр талаасынын жылуулукка айланган бөлүгү. Заттагы бөлүкчө-лөрдүн кыймылы энергиянын диссипация бөлүгү менен байланышып жылуулукка айланат. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгы канча чоң болсо, Диэлектрдик коромжулук да ошончо көп болот. Бул Диэлектрдик коромжулуктун электр талаасынын жыштыгына көзкарандылыгын көрсөтөт.
Диэлектриктин поляризацияланышында электрон менен иондордун жылышы негизги ролду ойносо, анда диэлектрик өзгөрмөлүү электр талаасынын таасири менен аргасыз термелишкен гармоникалык осциллятордун тобундай каралат. Мындай термелүүлөрдө энергиянын коромжусу осциллятордун өздүк термелүүсүнүн жыштыгына жакын болгондо өтө чоң болот. Поляризациянын электрондук механизминде коромжунун максимуму оптикалык жыштыкка (~1015 Гц) туура келет. Иондордун жылышы менен мүнөздөлгөн поляризацияда Диэлектрдик коромжулуктун максимуму ИК ((1012–1013 Гц) диапазондо болот. Сан жагынан Диэлектрдик коромжулук бурчтун тангенси tgd менен мүнөздөлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0