Длужневская, Галина Вацлавна

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Длужневская Галина Вацлавна (1946 — 2014), орусиялык тарыхчы, археолог, фото-документтер жана алардын тарыхый маанилерин, энесай кыргыздарынын тарыхын жана археологиясын изилдеген көрүнүктүү илимпоз.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Г.В.Длужневская 1946-жылы 10-мартта Орусиянын Ленинград шаарында туулган.
Ал 1970-жылы Ленинград шаарындагы ЛГУнун тарых факультетинин кечки бөлүмүн археология кафедрасынан дипломдук иш жазып, археология адистиги боюнча аяктаган.
Г.В.Длужневская 1966-жылдын 1-январынан – 1980-жылдын октябрына чейин СССР ИАсынын Археология институтунун Ленинград бөлүмүндө ага лаборант болуп иштеп, Саян-Тува экспедицияларына үзүрдүү катышкан. Саян аймагындагы (Саян-Шушенск ГЭСинин курулушун утурулап уюштурулган ж.б.) археологиялык изилдөөлөргө катышуу жана топторду жетектөө маалында ал бир катар олуттуу археологиялык табылгаларды илим чөйрөсүнө киргизген.

Ал 1980-жылдын октябрынан 1985-жылдын октябрына чейин СССР ИАсынын Археология институтунун Ленинград бөлүмүндөгү Борбордук Азия жана Кавказ секторунда кенже илимий кызматкер болгон.

Г.В.Длужневская 1986-жылы “Тувадагы энесайлык кыргыздардын эстеликтери (IX–XII кк.)” – “Памятники енисейских кыргызов в Туве (IX–XII вв.)” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган (илимий жетекчиси – тарых илимдеринин доктору, сибир таануучу, кыргыз таануучу археолог М.П. Грязнов болгон). Ал эми 1985-жылдын октябрынан 2004-жылдын январына чейин Г.В.Длужневская СССР ИАсынын Археология институтунун Ленинград бөлүмүндө (пост-советтик доордо – Орусия ИАсынын Заттык маданият тарыхы институтунда; ИИМК РАН) фото архив бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал эми 2004-жылдын январынан Г.В.Длужневская Орусия ИАсынын Заттык маданият тарыхы институтунун Илимий архивинин башчысы болуп эмгектенди.

2008-жылы Г.В.Длужневская өзүнүн тарых илимдери боюнча доктордук диссертациясын “XIX к. – первой половины ХХ к. биринчи жарымындагы фото даректердеги Орусиянын Азия бөлүгүнүн тарыхый-археологиялык мурасы: (Орусия ИАсынын Заттык маданият тарыхы институтунун Илимий архивинин фонддору боюнча)” –– "Историко-археологическое наследие Азиатской России в фотодокументах второй половины XIX - первой половины ХХ в. (по фондам Научного архива Института истории материальной культуры Российской Академии наук)" деген жаңычыл темада коргогон. [1]

Г.В.Длужневская 2014-жылы 1-июлда каза болгон.

Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Г.В.Длужневскаянын Энесайдагы кыргыздар, Кыргыз каганаты боюнча археологиялык табылгаларга таянган изилдөөлөрү маанисин жогото элек.
Ал дагы Л.Р.Кызласовдун “орто кылымдарда хакас эли болгон” деген жоромолун кабыл алган эмес, ар дайым Энесай Кыргыз каганатын негиздеген элди “кыргыз” деп гана атаган. Бул жаатта аны Л.Потапов, Ө.Караев, С.Яхонтов, Ю.Худяков, В.Бутанаев, Т.Чоротегин ж.б. авторлор колдошкон.

Ал археологиялык бай маалыматтардын негизинде (Минусин ойдуңу, Тува ж.б.) орто кылымдардын эрте доорундагы кыргыздардын социалдык түзүлүшүн, философиялык-диний түшүнүктөрүн, каада-салтын реконструкциялаган изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул жаатта бир катар эмгектерди жарыкка чыгарган.

Г.В.Длужневская соңку 200 жылда орусиялык изилдөөчүлөр тарабынан жыйналган Сибирдин, Санкт-Петербургдун, Крым, Балкан жарым аралы ж.б. тууралуу тарыхый мааниси баалуу сүрөт альбомдорду түзгөн, ар кыл көргөзмөлөрдү уюштурган. [2]


Маселен, ошондой көргөзмөлөрдүн бирин ал 1999-жылы Эл аралык алтай таануу (алтаистика) туруктуу жыйынынын (ПИАКтын) Прага шаарындагы жылдык отуруму маалында да уюштурган.

Негизги эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Длужневская Г.В., Савинов, Д.Г. Памятники древности на дне Тувинского моря / Г.В. Длужневская. Главы I, IV; Гл. V, разд. 2, 3; Заключение. С. 11–39, 83–118, 131–159, 170–174. – СПб.: Элексис Принт, 2007. – 196 с.
  • Длужневская Г.В. Крепость Омайтура в Саянском каньоне Енисея (по материалам работ 1980–1982 гг.) // Г.В. Длужневская. – КСИА. – 1989. – Вып. 196. – С. 93–98.

Длужневская, Г.В. Из истории формирования фонда фотоархива Института истории материальной культуры РАН // Г.В. Длужневская. – АВ. – СПб.: Элексис Принт, 1995. – Вып. 3. – С. 298–302.

  • Длужневская Г.В. Погребально-поминальная обрядность енисейских кыргызов и шаманский погребальный обряд тюркоязычных народов Саяно-Алтая и Южной Сибири // Г.В. Длужневская. –Жречество и шаманизм в скифскую эпоху: Материалы междунар. конф. -СПб., 1996. – С. 134–136.
  • Длужневская Г.В. Применение картографирования в исследовании памятников енисейских кыргызов IX–XII вв. в Туве // Г.В. Длужневская. – V Междунар. конф. «Исторические источники Евроазиатских и Североафриканских цивилизаций: компьютерные подходы». 2–7 июня 2003 года: Тезисы докл. – М., 2003. – С. 26–27.
  • Длужневская, Г.В. Еще раз о «кудыргинском валуне»: (К вопросу об иконографии Умай у древних тюрков) // Г.В.Длужневская. –Тюркологический сб. 1974 года. – М.: Гл. ред. восточной литературы, 1978. – С. 230–237.
  • Длужневская Г.В. О фототеках и каталогах Красноярского и Минусинского музеев // Г.В.Длужневская. – Проблемы археологии, этнографии, истории и краеведения Приенисейского края. Сборник научных трудов. – Том I. – Красноярск, 1992. -С. 31–33.
  • Длужневская Г.В. Классификация погребально-поминальных комплексов енисейских кыргызов IX–XII вв. // Г.В. Длужневская. –Тезисы докл. конф. «Исторические чтения памяти М.П. Грязнова». – Омск: ОмГУ, 1987а. – С. 170–174.
  • Длужневская Г.В. С.Р. Минцлов и его поездки по Урянхайскому краю (из истории исследования Тувы) // Г.В. Длужневская, Вл.А. Семенов. – Проблемы изучения Сибири в научно-исследовательской работе музеев: Тезисы докл. науч.-практич. конф. Красноярск: Красноярский университет, 1989. – С. 43–45.
  • Длужневская Г.В. Материалы А.Н. Бернштама в собрании фотоархива Ленинградского отделения Института археологии // Г.В. Длужневская. – Из истории и археологии древнего Тянь-Шаня: Материалы конф. к 80-летию А.Н. Бернштама. – Бишкек: Илим, 1995. – С. 231–239.
  • Длужневская Г.В. Фотография — память народов. Материалы фотоархива Института истории материальной культуры Российской академии наук (Санкт-Петербург) // Г.В. Длужневская. – Культурное наследие Российского государства. – СПб.: ИПК «Вести», 1998. – С. 99–118.
  • Длужневская Г.В. Саяно-Тувинская археологическая экспедиция АН СССР в архивах ИИМК РАН // Г.В. Длужневская. – Древние культуры Центральной Азии и Санкт-Петербург. – СПб.: Культ-информ-пресс, 1998. – С. 22–29.
  • Длужневская Г.В. Тува в составе государства енисейских кыргызов. Глава VII // Г.В. Длужневская. – История Тувы. – Новосибирск: Наука, 2001б. – Том I. – С. 133–154.
  • Длужневская Г.В. Является ли кладом «Тюхтятский клад»? // Клады: состав, хронология, интерпретация: Материалы тематич. науч. конф. Санкт-Петербург, 26–29 ноября 2002 г. – СПб.: Элексис Принт, 2002д. – С. 234–239.
  • Длужневская Г.В. В.А. Жуковский // Г.В.Длужневская. – Выдающиеся ученые Санкт-Петербурга и изучение древних культур и цивилизаций Центральной Азии и Кавказа. – СПб. - ИИМК РАН: Европейский Дом, 2003а. – С. 15.
  • Длужневская Г.В. Проект «Великий Шелковый путь в фотографиях русских путешественников и исследователей второй половины XIX – первой половины ХХ веков (по материалам фотоархива ИИМК РАН)» // Г.В. Длужневская. – Отчет по программе фундаментальных исследований Президиума РАН «Этнокультурное взаимодействие в Евразии» за 2003 год. – М., 2004. – С. 102–103.
  • Длужневская Г.В. Китай и его соседи в фотографиях русских исследователей и путешественников (по материалам фотоотдела Научного архива) // Г.В. Длужневская. – Санкт-Петербург–Китай. Три века контактов. – СПб., 2006б. – С. 85–105.
  • Длужневская Г.В. Саянский каньон Енисея — особая область культурогенеза // Г.В. Длужневская. – Культурно-экологические области: взаимодействие традиций и культурогенез: Сбо68. Длужневская, Г.В. Великий шелковый путь в фотографиях русских путешественников и исследователей второй половины XIX – первой половины ХХ века // Г.В. Длужневская, Л.Б. Кирчо, О.И. Богуславский. – Этнокультурное взаимодействие в Евразии. – М., 2006д. – Кн. 1. – С. 452–462.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. http://www.dissercat.com/content/istoriko-arkheologicheskoe-nasledie-aziatskoi-rossii-v-fotodokumentakh-vtoroi-poloviny-xix-p
  2. Караңыз: https://books.google.cz/books/about/Мусульманский_мир_Рос.html?id=givcXwAACAAJ&redir_esc=y