Анучин Дмитрий Николаевич

Википедия дан
Дмитрий Николаевич Анучин‎»‎ барагынан багытталды)
Дмитрий Николаевич Анучин

Анучин Дмитрий Николаевич [27.08.(8. 9.)1843, Санкт-Петербург - 04.06.1923, Москва] - орус антропологу, географ, этнограф жана археолог. Петербург ИАнын, Казан университетинин, Лондон антропология институтунун ардактуу мүчөсү. 1867-жылы Москва университетинин физика-математика факультетин бүткөн. 1875-жылдан Москва археология коомунда иштеген. Москва университетинин профессору (1884), Россия ИАнын академиги (1896). 1890-жылдан Табияттаануу, антропология жана этнография сүйүүчүлөр коомунун президенти. 1879-жылы Москва университетине караштуу антропология музейинин ачылышынын демилгечилеринин бири. 1880-жылы Москва университетинде алгач ачылган антропология кафедрасын, 1885-жылдан география кафедрасын, 1922-жылдан Антропология институтун башкарып, география бөлүмүн түзгөн. Россияда география институтунун 1-директору (1922-23). Анучиндин илимий эмгектеринин негизги багыты - этникалык антропология жана адамдын түпкү тегин изилдөөгө арналган. Анын адамдын баш сөөгүнүн аномалиясы (1880), Россияда эркектердин көбөйүшүнүн географиялык бөлүнүштөрү (1889), Волга башындагы көлдөр жана Батыш Двинанын жогорку агымы (1896) жөнүндөгү эмгектери азыркыга чейин өз маанисин жогото элек. Ошондой эле, геоморфология, гидрология, антропология, антропогенез, этнография, алгачкы археология, тарыхый география жана эл таануу тармагына тиешелүү көптөгөн эмгектерди жараткан. 1889-жылдан «Этнографиялык обозрение» журналын редакциялаган. «Землеведение» (1894) жана «Орус антропология журналын» (1900) негиздеген. Дарвинизмге өтө берилип иштеген адам болгон. Анучиндин тарыхый эмгектеринин маанилүүсү - «Ермакка чейинки Сибирдин тарыхы» (1890). Анын урматына Түндүк аралындагы Жаңы Жердеги муздук, Түндүк-Уралдагы тоо, Кичи Куриль жалчасындагы арал, кысык аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1