Мазмунга өтүү

Доктурбек Бийсеев

Википедия — ачык энциклопедия

Бийсеев Доктурбек Касымбекович - (28.2.1960ж. туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек кыштагы) бийчи, балетмейстер, КРдин эл артисти (2004). 1970-79-ж. Ленинграддагы В. Я. Ваганова атындагы академия хореография окуу жайында окуган, 2002-ж. Кыргыз улуттук консерваториясынын балетмейстердик бөлүмүн бүтүргөн. 1979-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдындагы студияда классикалык бийден сабак берет. Л. Минкустун «Баядеркасынан» Солордун, «Дон Кихоттон» Базилдин, А. Адандын «Корсарынан» Бирбантонун, К. Молдобасановдун «Маңкуртунан» Жуан-Жуандын, «Саманчы жолунан» Жоокердин, В. Власовдун «Аселинен» Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен» Принцтин, «Ак куу көлүнөн» Шуттун, Э. Жумабаевдин «Саадак кактысынан» Жаналгычтын, «Ак кемесинен» Баланын, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Жиндин, Т. Хренниковдун «Макбетинен» Банконун ж. б. партияларды, Н. Нишановдун «Ак кептер», «Шырдак бий», «Шаман», «Ак куулар», С. Сакеевдин «Саймалуу таш» ж. б. концерттик бийлерди аткарган. 1976-ж. Дрезден шаарында, 198191-ж. Москвада, Минскиде, Ташкенде, Дүйшөмбүдө, Ригада, Алматыда, Киевде, Ереванда, Санкт-Петербургда, Таллинде, 2002-ж. АКШда, «Ордо сахна» оркестринин коштоосунда, «Мергенчи» композициясы. Мергенчи Д. Бийсеев. 2005. Түркиянын Анталия шаарында өткөн балет артисттеринин эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышкан. 1989-ж. Орто Азия республикаларынын жана Казакстан балет артисттеринин конкурсунда лауреаттыкты жана Күмүш медалды жеңип алган. 1997-ж. бийчилерди даярдай турган «Бий-Данс» деген балет мектебин ачкан. 2001-02-ж. Вена шаарында өткөн «Импульс-Бий» аттуу эл аралык фестивалдын чакыруусу боюнча концерттик программасына катышып, классикалык бий боюнча сабак берген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]