Долерит

Википедия дан

Долерит (гр. doleros - өзгөрүлмө, алдамчы) - базальт курамындагы толук кристаллдашкан магмалык тоо тек.

Структуралык түзүлүшү ири кристаллдуу (офиттүү). Негизинен плагиоклаз (көбүнчө лабрадор) менен пироксенден, кээде оливинден турат (курамында айнек сымал заттар кезикпейт). Долерит ири лава агымдарынын же тарамдардын борбордук бөлүктөрүндө магмадан балкып чыккан базальт эриндилеринин жай сууп катуулануусунан пайда болот. Ал курулушта кум-шагылдарды даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.