Долоев Токторалы

Википедия дан

Долоев Токторалы (1955-ж. т., Куйбышев айылы) - эл агартуу отличниги (1982). Ош мамлекеттик педагогикалык институнун филология факультетин (1976), КМУнун юридикалык факультетин (1995) бүтүргөн.

  • 1976-80-ж. райондук мектептерде мугалим, директордун орун басары,
  • 1980-86-ж. Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүндө методист, методикалык кабинеттин башчысы,
  • 1987-89-ж. райондук “Учкун” газетасында редактордун орун басары,
  • 1989-92-ж. Токтогул райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, саясий агартуу кабинетинин башчысы кызматтарында иштеген.
  • 1992-жылдан Токтогул райондук мамлекеттик администрация-сынын жалпы бөлүмүнүн башчысы,
  • 1993-жылдан райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси болуп иштеп келүүдө. 2003-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын III класстагы кеңешчиси чини ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5