Долондор

Википедия дан

Кытай Эл Респ-нын Шинжаң Автономиялуу облусунда жашаган калктын бир уруусунун аты. Бүгүнкү күндө уйгурларга жуурулушуп бараткан Д. өздөрүнүн түпкү тегин кыргыз экендигин белгилешет. Д- дун материалдык маданияты ж-а антропологиялык тиби да кыргыздарга жакын. Ч. Ч. Валиханов Чыгыш Түркстандагы Барчык ж-а Маралбашы аймактарын мекендеген Д. аттуу өзгөчө уруу ж-дө жазган. Алар өздөрүнүн тегин кыргыздар м-н жалпы экендигин белгилешерин эскерген. Д. – моңгол тилинде жети санын түшүндүрөт. Этноним жети уруу, жети уруу эл маанисин берет. Кыргызстандын аймагында бул ат м-н тоодогу ашуу, айыл-кыштактар белгилүү.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)

шфкекефвап