Доминиканалыктар

Википедия дан
Доминикалыктар‎»‎ барагынан багытталды)

Доминикалыктар – эл, Доминикана Республикасынын негизги калкы. АКШ , Гаити өлкөлөрүндө да жашайт. Саны 7,5 млн киши (1992). Калктын 73%ин мулаттар, 16%ин негрлер, 11%ин европалыктар түзөт. Испан тилинин жергиликтүү вариантында (Гаитиден келгендери креол тилинде) сүйлөшөт. Доминикалыктардын көпчүлүгү католик динин тутушат, ошондой эле протестанттар да бар. Кыштактарда боно (эшик, терезелери кызыл же көк) деп аталган үйлөрдө жашашып, негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Шаарларда испан үлгүсүндөгү имараттар сакталган. Доминикалыктар креол тибинде кийинишип, эркектер башындагы сомбреросу менен гаитиликтерден айыр маланган. 19-кылымдан элдик бийи – меренге кеңири белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1