Домна меши

Википедия дан

Домна меши, домна – чоюн эритип алынуучу шахта меши. Биринчи домна меши Европада 14-кылымдын орто ченинде пайда болгон. Эритилүүчү материалдар (шихта) – темир кенташы, марганец кенташы, агломерат, кокс, флюстар жана башка үстү жагынан чанакка (колошникке) жүктөлөт. Төмөн жагынан (фурма аркылуу) кысылган ысык аба, суюк, газ сымал же чаң түрүндөгү отун жиберилет. Ал кокстун күйүшүн жана темир оксидинин шихтада эришин камсыз кылат. Мында темир окисин металлга айландыруучу башкы калыптандыргыч болуп эсептелген көмүртек окиси кокстан бөлүнүп чыгат. Металл дын пайда болушу менен темир эрип ылдый түшүп, домна мешинин түбүнө чогулуп, эриген шлак анын бетине калкып чыгат. Андан соң темир менен шлак сыртка чыгарылат. Домна меши болоттон жасалып, ичине отко чыдамдуу кыш коюлат. Домна меши ишке киргизилгенден иштен чыкканча тынымсыз иштейт (болжол менен 2 жыл). Эң ири домна мешинин пайдалуу көлөмү 5000 м3ден ашат жана суткасына 10000 тдан ашык чоюн эритилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1