Домок

Википедия дан

Домок (моңголчо миф, мифология) — азыркы кыргыз тилинде жаңжал, опуза, коркутуп омуролоо деген туюмду билдирген лексикалык бирдик. Элдик оозеки чыгармалардын материалдары боюнча түпкү мааниси байыркы моңгол, бурят тилдерине жакын мааниде колдонулат. Маселен, Көкөтөйдүн ашында ( Валиханов, Чокан жазып алган эпизод боюнча) аламан байгеде Бокмурун келип жайма көкүл жаш Айдарга Мааникердин оозун тартып, аттардан кийинчерээк келгиниң дейт. Анткени, алдына ат салбаган Көкөтөйдүн тулпары баш байгеге чыгып келет да өз байгесин өзүлөрү алып алды деген сөзгө калып, алыс-жуукка уят болобуз деп Мааникерди чапкан чабандеске айткан өтүнүч маалыматта мындай айтылат:

Эми бери кайра тартканда,

Мааникердей күлүктүн

Оозун коё бербей кел.

Оозун коё сен берсең

Өзгө аттар алдында

Үч күн мурун келээрсиң чором.

Өз байгесин өзү алды деп

Жакынга домок калар,

Алыска жомок калар ( Валиханов, Чокан жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 84-б.).

Д. түп мааниси боюнча миф деген маанини түшүндүргөн көөнө сөз катары эпосто сакталып калган. Кийинки мааниси жаңжал, чатак деген туюмга өтүп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4