Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусу (2025)
| Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусу (2025) | |
| Зеленский, Трамп жана Жей Ди Вэнс кызуу талкууга киришкен учур | |
| Жери |
Сүйрү бөлмө, Ак үй |
|---|---|
| Мүчөлөр |
Дональд Трамп (АКШ президенти), Владимир Зеленский (Украина президенти), Жей Ди Вэнс (АКШ вице-президенти) |
| Натыйжасы |
Жолугушуу үзгүлтүккө учурады |
АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин маанилүү жолугушуусу — 2025-жылдын 28-февраль күнү Вашингтондогу Ак үйдө болуп өттү[1]. Адеп эки өлкөнүн лидерлери Ак үйдөгү Сүйрү бөлмөдө журналисттердин суроолоруна жооп берип, Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишим тууралуу сөз кылышты[2]. Жолугушуу кызуу талкууга кирген учурда президент Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс Зеленскийди катуу үндөр жана айыптоолор менен коштолгон талкууларда ачык сынга алышты. Бул окуя АКШнын тарыхында биринчи жолу болуп, иштеп жаткан президент конокко келген чет элдик лидерге камеранын алдында ушундай жол менен оозеки түрдө каршы чыкты[3][4]. Жолугушуу коомдук талаш-тартыш менен так резолюциясыз аяктады[5][6]. Жолугушуудан көп өтпөй Владимир Зеленский Ак үйдөн чыгып кетти[7][8]. The Guardian басылмасы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын "жакынкы тарыхтагы эң ири дипломатиялык кырсыктардын бири" — деп мүнөздөдү[9].
Фон
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Украина менен Америка Кошмо Штаттарынын президенттеринин сүйлөшүүлөрү Дональд Трамптын Украина боюнча акыркы катаал билдирүүлөрүнүн, анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийди украиналыктардын 4% гана колдоосунан улам диктатор жана легитимсиз деп айыптоосунун фонунда пландаштырылган[10]. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, ошондой эле Украинанын пайдалуу кендерин (мунай, сейрек кездешүүчү металлдар, ж.б.) Кошмо Штаттарга берүүнү караган "пайдалуу кендер боюнча" келишимге[11] кол коюу пландаштырылган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ "Live updates: Trump and Vance call Zelenskyy 'disrespectful' in Oval Office meeting when pushed for US security commitment" (англ.). AP News.. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2025.
- ↑ Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду (кырг.). azattyk.. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Baker, Peter. "Tempers flare before Zelensky abruptly departs the White House without signing a minerals deal" (орусча). The New York Times.. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Liptak, Kevin; Zeleny, Jeff; Maher, Kit; (28-февраль 2025-ж). "Trump, Vance castigate Zelensky in tense Oval Office meeting" (англ.). CNN. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Спор Зеленского, Трампа и Вэнса. Текст перепалки в Овальном кабинете (орусча). РБК. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Ак үйдөгү кайым айтыш, кол коюлбаган келишим (кырг.). azattyk. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ "Trump cancels news conference with Zelensky after contentious Oval Office meeting" (англ.). The Washington Post.. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Трамп, Зеленский и Вэнс поругались в Овальном кабинете. Администрация президента США заявила, что Трамп «выгнал» Зеленского из Белого дома (орусча). Meduza.. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Smith, David. "Diplomacy dies on live TV as Trump and Vance gang up to bully Ukraine leader" (англ.). The Guardian. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Встреча с Трампом, сенаторами и подписание соглашения: что известно о визите Зеленского в США (орусча). 24 Канал (28-февраль 2025-ж). Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.
- ↑ Украина АКШга сейрек минералдарын берүүгө көндү (кырг.). azattyk (27-февраль 2025-ж). Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2025.