Донор-акцептордук байланыш
Донор-акцептордук байланыш, координациялык байланыш. Көпчүлүк учурларда коваленттик байланыш атом сырткы электрондук деңгээлиндеги жуп электрондун эсебинен пайда болот. Мис., аммиак мол-сынын электрондук структурасын карап көрсөк: мында чекит менен азот атомуна тиешелүү болгон электрондор, жылдызча менен суутек атомуна тиешелүү электрондор белгиленген. Азот атомунун сырткы деңгээлиндеги сегиз электрондун алтоо үч коваленттик байланышты пайда кылып, азот жана суутек атомдору үчүн жалпы болуп саналат. Бирок эки электрон азот атомуна гана тиешелүү болуп, бөлүнбөгөн электрондук жупту пайда кылат. Мындай электрон жубу бар атом башка атом менен коваленттик байланышты пайда кылууга катышышы мүмкүн (эгерде бул атомдун сырткы электрондук деңгээлинде бош орбиталь болсо). Толтурулбаган 1s орбиталь суутек ионунда болот. Аммиак мол-сы суутек ионунун бош s орбиталы менен өз ара аракеттенишкенде алардын ортосунда коваленттик байланыш пайда болот; азот атомунун бөлүнбөгөн электрондук жубу эки атом үчүн жалпы болуп калат, мунун натыйжасында аммоний иону NН4+ пайда болот:
Мында коваленттик байланыш адегенде бир атомго тиешелүү болгон электрондук жуп (электрон донордук жуп) жана башка атом бош орбиталынын (электрондук жуптун акцепторунун) эсебинен пайда болду. Коваленттик байланыш пайда болушунун мындай ыкмасы донор - акцептордук деп аталат. Мында электрондук жуп донору азот атому, ал эми акцептору суутек иону болуп саналат. Аммоний ионундагы, төрт N-Н байланышы бардык жагынан бирдей экендиги тажрыйба жүзүндө аныкталган. Демек, донор-акцептордук ыкма менен пайда болгон байланыш өзүнүн жаратылышы б-ча өз ара аракеттенишүүчү атомдор биринин жупташкан электрону эсебинен пайда болот. Азот (I) оксидинин N2 О молекуласы да Д.-а. б. мисал боло алат. [BF 4]- комплекстик иону да ушуга окшош түзүлгөн, мында электрондук жуп донору F- - аниону, ал эми акцептору бор атому болуп саналат.
Ад.: Терентьев В.А. Термлдинамика донорно - акцепторной связи. Саратов, 1981. Барсуков И.Б. Электронное строение и свойства координационных соединений. Л., 1976.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6