Доодон баштартуу
Көрүнүш
Доодон баштартуу – башталып калган сот жүрүмүн токтото турган доогердин тескеме аракети. Мында доогер жоопкер менен болгон өзүнүн материалдык-укуктук талашынын жана өзүнүн жеке укугунун же мыйзамдуу кызыкчылыгынын сот тарабынан корголушун кароо жөнүндөгү өтүнүчүнөн баштартат. Жоопкер тараптын доогер алдындагы милдеттенмесин өз эрки менен аткаруусу, доонун ачык-так негизделбегендиги, ошондон улам доогердин сот жүрүмүн уттуруп ийбөө каалоосу буга жүйө болушу мүмкүн. Доогер өзү койгон доодон толук же жарым-жартылай баштартуусу мүмкүн. Сот жарым-жартылай баштартууну кабыл алуу менен, сот ишинин калган бөлүгүн мааниси боюнча гана чечет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |