Доолбас

Википедия дан

Добулбаш, добулбас – кыргыздын барабан сымал байыркы урма аспабы. Тегерек жыгач алкактын үстүнкү бетине төөнүн ийленген териси капталып жасалган. Ал алкакка көктүн, кайыш тасманын жардамы менен керилген түрдө бекитилген. Мурун согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу, элди жыйынга чогултуу, салтанаттуу жүрүштөрдү коштоо үчүн пайдаланган. Добулбашты мүнүшкөрлүккө чыкканда кайберенди жана илбээсинди бир багытка айдоо, үркүтүү үчүн да колдонушкан. Добулбаштын үнүн таякча урма аспабы менен чыгарган. Тарыхый маалыматтарга караганда добулбаштын ар кандай көлөмдөгү түрлөрү болгон. Эң чоңдорун бир нече адам көтөргөн, ал эми бир адам көтөрө ала тургандарын жөө же аттын капшытына илип алып жүрүшкөн. Негизи доолбас менен Искендер пайганбар колдондуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)