Доонун предмети
Көрүнүш
Доонун предмети – КР жарандык-процесстик мыйзамдары боюнча кызыкдар адамдын мыйзамда белгиленген таризде сотко коюучу талабы. Доонун затына жараша доолорду таануу жөнүндө, ыйгаруу жөнүндө, кайра түзүү жөнүндө деп жиктештирүүгө болот. Доочу менен жоопкердин ортосундагы укук мамилелерин токтотуу же өзгөртүү, жаңысын белгилөө жөнүндө талапты билдирүүдө доочу мыйзамдар укук мамилелеринин пайда болуусун, өзгөрүүсүн же токтотулуусун, ошондой эле сот тартибинде укук мамилелерин кайра курууга укуктарды ишке ашыруунун мүмкүндүктөрү менен байланышкан юридикалык фактыга таянууга тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7