Доплер эффектиси

Википедия дан

Доплер эффектиси - термелүү булагынын же байкоочунун (термелүүнү кабыл алгычтын) бир бирине карата кыймылда болушунун патыйжасында кабыл алынган термелүү жыштыгынын же толкун узундугунун өзгөрүшү.

Ар кандай толкундук процесстө Доплер эффектиси байкалат. Доплер эффектисинин пайда болушунун негизги себеби - термелүүчү булак менен кабыл алгычтын ортосундагы толкун таралуучу аралыкта толкун санынын өзгөрүшү. Алардын ортосундагы аралык азайса, толкун саны азаят, көбөйсө көбөйөт.

Бардык түрдөгү термелүү жыштыгы булактын жана толкун таралган чөйрөгө карата байкоочунун ылдамдыгына жана кыймыл багытына көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.