Дора (курал-жарак)

Википедия дан

"Дора" - уникалдуу өтө оор темир жолдогу жүргөн Германиянын армиясынын курал-жарак. Мажино линиянын укреплениелерин жана Бельгиянын чек арасындагы фортификацияларды талкалоого арнатылган болчу.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи дүйнө согуштан кийин Германияга Версаль тынчтык договору боюнча калибри 150 мм коп курал-жарак болууга тыюу салынган. Ошол үчvн кең калибрдүү артиллерияны жасоо престиждуу иш болчу.

Проектилоо, куруу жана текшерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дора

1936 жылы Адольф Гитлер "Крупп" деген фирманын фабрикасына барганда, Мажино линияны жана Бельгиянын чек арасындагы фортификацияларды талкалоого өтө кубаттуу курал-жаракты жасоого талап кылган. Курал-жарактын алыска атуусу 35-40 км жана вертикалдык шыкалоонун бурчу +65°, курал-жарактын снаряды жоондугу 1 метр броняны, жоондук 7 метр бетонду жана 30 метр топуракты уруп тешиш керек болчу. "Крупптун" конструктордук группаны профессор Эрих Мюллер башкарып, 1937 жылда проектти жасап чыккан. "Крупп" фабрикага проектти реализацияга келтирүүго заказ берилген. 1941 жылында биринчи курал-жарак жастып бүткөн, ага "Дора" деген ат башкы конструктордун аялынын урматына берилген. Ушул жылы экинчи 800 мм "Семиз Густав" деген курал жарак курулган. Заказдын баасы 10 миллион рейхсмарка болду. [1]

1941 жылы курал-жарактар Хиллерслебен жана Рюгенвалде деген полигондо Адольф Гитлер менен Альберт Шпеердин катышуусунда текшерилген болчу. Натыйжалар талаптарга ылайык келген, кээ бир талап кылынган механизмдер жок болсо дагы. 1941 жылдын аягында бут текшерүүлор бутуп, 800 мм калибр снаряддардан минден ашык чыгарылган.[2]

Севастопольдун штурмунда колдонуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доранын снаряды

Курал-жарак Севастополь шаарынын штурмунда колдонулган болчу. 1942 жылда февральда 672 дивизион Крымга фон Манштейн генералдын башкаруусуна жиберилген. "Доранын" милдети Севастопольдордун батареяларды, порттук курулуштарды, командалык пункттарды жана ок-дарыларды аткылоо болчу.

Позицияны даярдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Позиция Севастопольдогу буталардан 25 км алыс болчу Дуванка деген айылдын районунда. Бул жер адырдуу ачык жер болчу, Узун-Сырт тоолордун тармактары болчу. Советтик туткундарынын күчтөрү менен курал-жарак учун узундугу 200 м, терендиги 10 м траншея казылган болчу. Адырдын чыгыш жагынан Бакчысарай станцияга кирме жолдор курулган, адырдын батыш жагында эки бөлүнгөн темир жолдор салынган. Ошол кирме жолдордон 43 вагон тейлөө жана маскировкалоо персоналы келген. Иштер күнү-түнү шашып өтүп жаткан. Ок атар позициянын даярдоосу июньдун аягында бүткөн.

Жүргүзгөн иштер сырдуу шарттарда өтүп жатган болчу. Иштер жүргүзулүп жаткан район жабык район деп жарыяланган, асманда кыргычтар учуп, патрульдап жүргөн болчу. 300 аскер жана согуш полиция кайтаруучу иттер менен зонаны кайтарып турчу. Андан башка асмандан келген чабуулдардан сакталыш учун артиллериялык ПВО дивизиондон 400 киши келген. 500 киши согуш-химиялык подразделениеден түтүн көшөгөлөрду ыргытып турчу. Баарын кошкондо "Доранын" персоналы 4000 кишиден көбүрөөк болчу. Жыйынтыкта советтик күчтөр "Дора" курал-жарак жөнүндө билген эмес

Дора атып жатат

Атуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атууну "Дора" 5 июньда эрте эртен менен 1942 жылы баштаган болчу. Саат 5 35те биринчи атылуу болгон. Атылуу кичинекей жер тетирөөнун эффектин келтирген. Үн толкуну менен Бакчысарай станцияда айнек талкаланган болчу. Үндү Симферополь шаарында уккан. 45 секунд өткөндөн кийин снаряд №1 бутанын (95чи дивизиянын ок-дары складында) жанында жарылган. Дагы 7 аткылуу жээк батареяга №16га болгон. 6 аткылуу ПВО зенит батарея №365ке кылынган. Аткылоо саат 19да 58 мүн бүткон. 6 июндан 11 июнга чейин 28 атуу кылынган. Акыркы беш атуу фугастык снаряддар менен дениз жакка кылынган болчу.

Калдыктарды зордоп алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакчысарайдан "Дора" Круппанын фабрикаларына ремонтко жиберилген. Севастопольду ээлеп алуудан кийин, "Доранын" лафетин Ленинградка алып барган. Блокаданы жарып кирүүдөн операция башталганда, немистер курал-жаракты Баварияга эвакуация кылдырган. 1944 жылы Крымдын бошотуусундан кийин советтик специалисттер ок атар позицияны тапканга аракет кылган болчу, бирок таба алган жок. 22 апрельде 1945 жылы советтик армиянын баш макала бөлүктөрү "Дора" менен "Семиз Густавдын" калдыктарын тапкан болчу. СССРде курал-жарактарды изилдеш үчүн атайын инженердик комиссиялар жаратылган болчу. "Дора" Ржевка деген артиллериялык аянтка жүргүзүлгөн. Инженер майор комиссиянын башчысы болчу. Изилдеп бүткөндөн кийин, советтик инженерлер механизмдерде эч нерсе жаны жок деди. Курал-жарактын болуктору Ржевкада дагы төрт жыл жатты. Андан кийин "Баррикады" деген артиллериялык фабрикага бөлүктөр жиберилип, ал жактан 2 жыл изилдөө өттү. Андан кийин курал-жарак таштанды темир-терсек катары эритүүгө жиберилген. [3]

Мүнөздөмөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Характеристика Колом Эскертуулор
калибр 807 мм башында 807 мм болчу, бирок стволго келтирилген басым жана ышкуу учун калибр 810 мм же 813 мм ге чейин кобойтулгон
снаряддын салмагы 7000 кг бетон тешкич снаряд
стволдун узундугу 32 м ствол ажырама
атуунун төмөнчек алыстыгы 25 км
атуунун жоргорчек алыстыгы 50 км бетон тешкич снаряд менен
курал-жармактын толук узундугу 50 м темир жолдук платформасы жок
жалпы салмак 1350 тонна
стволдун ресурсу 300 атуу
тез атардыгы 45 мун 1 атуу же 14 атууга чейин
снаряддын учканын ылдамдыгы 1500 м/с ден 960 м/с чейин чокуга чейинки жана чокудан кийинки ылдамдык жөнүндө айтылып жатат
уруп тешүү жарамдуулугу болот броня 1 м, темир-бетон тосмо — 7 м бетон тешкич снаряд (фугастык снаряддар өтө көп колдонулчу эмес)

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Невероятные военные изобретения нацистов и их союзников // Железнодорожные орудия
  2. А. Ф. Рябец. Самый крупный артиллерийский калибр в СССР // ТЕХНИКА И ВООРУЖЕНИЕ. — 2009. — № 7. — С. 32—42
  3. Боевое применение орудия «Дора» в Севастополе. Крымология (2012-2015).