Мазмунга өтүү

Дорошенко Николай Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Дорошенко Николай Иванович - (7. 12. 1930-жылы туулган, Казак ССРи, Костонай облусу Таранов району, Варваровка кыштагы) геолог, геологиялык-минералогия илимдеринин кандидаты (1971), СССР (1976) жана Кыргыз ССР (1972) мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн (1952). Геологиялык экспедициялардагы чалгындоо партияларында геолог, улук геолог, партиянын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1952-82); экспедициянын улук инженери (1959-66); Сары-Жаз, Тематикалык, Үч-Кошкон геологиялык экспедицияларында партиянын улук геологу, башкы геологу, экспедициянын улук геологу (1966-70); Түндүк Кыргыз, Сары-Жаз геологиялык экспедицияларында партиянын башкы геологу, начальниги (1970-76), Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын жана патиянын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1976-83); Кыргыз ССР Геологиялык башкармасынын геологиялык чалгындоо иштери боюнча өндүрүштүк бирикмесинде начальниктин орун басары, генералдык директордун орун басары (1983-90) болуп эмгектенген. Кыргызстандын кен байлыктарын табууда жана чалгындоодо олуттуу эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени (1976), бир нече медаль менен сыйланган. Кыргыз ССРинин геологиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1981).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]