Дортикос Торрадо Освальдо
Дортикос Торрадо Освальдо (17. 4. 1919-ж. т., Сьенфуэгос) - Кубанын мамлекеттик жана саясий ишмери.
Врачтын үй-бүлөсүнөн. Билими боюнча юрист. 1941-жылдан окутуучу, юрист. 1958-ж. адвокаттардын улуттук коллегиясына декан болуп шайланган. Революциялык ишке 16 жашынан катыша баштаган. Жарандык каршылык көрсөтүү кыймылынын жана «26-июлдагы кыймылдын» жетекчилеринин бири. Реакция жылдарында Мексикада эмиграцияда жүрөт.
Революция женгенден кийин (1959, янв.) революциялык закондуулук иштери боюнча министр. 1959-76-ж. Кубанын президенти, 1964-жылдан экон. министри жана Борбордук пландаштыруу советинин президенти. 1966-жылдан Жарандык коргонуунун улуттук советин башкарат. 1965-жылдын октябрынан Куба КП БКнын Секретариатынын жана Саясий бюросунун мүчөсү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.