Ташмат уулу Досу

Википедия дан
Досу Ташмат уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Досу Ташмат уулу (1930, Жалал-Абад шаары) — манасчы. "Манас" айтууну атасынын бир тууганы Токтаалы Төрөгелди уулунан үйрөнгөн жана эпосту кара сөз түрүндө айткан. Андан: Жакыптын Алайдан Таласка көчүп келиши, Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы эпизоддору жазылып алынган. Д-нун варианты башка манасчы лардын вариантынан айрым мотивдери боюнча айырмаланып турат. Анын айтуусунда Абыке менен Көбөш Манастын кулу — туткунга түшкөн калмактар болуп берилет. Көкчө Манастын бөлөсү, ал эми Коңурбай жээни болот. Манас үч жолу өлүп, үч жолу тирилет. Биринчи жолу Көкчөдөн, экинчи жолу Токтобай Орозбай уулунан өлөт. Үчүнчү жолу Кара дөөдөн өлгөндөн кийин Каныкей ага күмбөз тургузуп, дубалына Манастын жеңген душмандарынын аты-жөнүн жаздырып коет. Д. Ташмат уулунун варианты Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.) сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4