Драматизм

Википедия дан

Драматизм – көркөм чыгармада – олуттуу же трагедиялык конфликттин натыйжасы катары пайда болгон сюжеттик көрүнүштүн курчушу жана чыңалышы; оор окуяны баштан өткөрүп жаткан учурдагы каармандардын мүнөзүн ачып көрсөтүү. Адатта драмалык окуянын кульминациялык чеги болот, б. а., каармандардын андан аркы тагдырын аныктоочу чечкиндүү кырдаалга алып келген, окуянын өнүгүшүнүн натыйжасында анын чиеленип чыңалуусунун эң жогорку жеткен чеги Д. деп аталат. Ал эми көркөм сүрөт искусствосунда кульминациялык кырдаалга алып келүүчү окуянын өнүгүшү божомолдонот; сүрөтчү, эреже катары, конфликттин толук чечилишин эмес, анын натыйжасын гана көрсөтөт же анын эң чыңалган кырдаалын, каармандардын күрөш абалын чагылдырат, күрөш деген сөздү тике маанисинде – ар кандай сезимдердин, ой-максаттардын күрөшү катары көрсөтөт (мисалы, Лаокоондун антик статуясы, Т. Жериконун «Медузанын салы» картинасы, же И. Репиндин «Күткөн жок белеңер», Б. В. Иогансондун «Коммунисттерди суракка алуу» картиналары). Кээде күндөлүк тиричиликте «драма» деген сөз менен бир аналогдо синоним катары колдонулат жана оор, кайгылуу трагедиялуу кырдаалды түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]