Драма (диалогдук речь)

Википедия дан

Драма (грек. – аракет) – сахнага коюга ылайыкталып жазылган чыгарма, өзүнчө бир адабият түрү. Ал байыркы грек адабиятында пайда болуп, ошол мезгилдеги негизги сапаты азыр да кадимкисиндей сакталып келе жатат, б.а. драмалык чыгармаларда окуя каармандардын речинде гана өнүгөт, мында прозадагыдай автордук баяндоо, сүрөттөөлөр болбойт, жанрдын негизин конфликт түзөт. Драма комедия, трагедия, драма болуп үч жанрга ажырайт. Кыргыз адабиятында совет бийлигинин жылдарында гана пайда болгон бул адабияттегинин негиз салуучулары катары М. Токобаев (“Кайгылуу Какей”), К. Жантөшөв (“Карачач”) эсептелишет. Азыр драма – кыргыз адабиятынын өнүккөн жанры.

Маалыматтын булагы: Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, Бишкек - 1994.