Друженкова Евгения Степановна
Көрүнүш
Друженкова Евгения Степановна (1917-жылы туулган, Харьков облусу Вольчанский району, Рубежный кыштагы) айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1965), Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги (1947). 1938-жылы Харьков зоотехникалык институтун бүткөн. 1938-49-жылы Ысык-Көл, Ош облусунун чарбаларында зоотехник, 1949-жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, лабораториянын башчысы. Тян-Шань коюн чыгаргандардын бири. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5