Друза

Википедия дан
Дрeза‎»‎ барагынан багытталды)

Друза - (нем. Druse щётка) 1) табигый минерал агрегатынын кристаллдык формасы. Мында тоо тектердин көңдөйлөрү менен жаракаларынын беттерине минерал кристаллдары бир гана жагы менен жабышып, ачык жагын карай өсө баштайт. Натыйжада кырлары жакшы чыккан чокмороктошкон кристаллдар пайда болот. Жаратылышта кварц, аметист, кальцит, антимонит сыяктуу минералдардын друзалары көп учурайт. 2) Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн (мисалы, жөкө дарактын сөңгөгүнүн, козу кулактын) клеткаларындагы кальций оксалатынын бирге бутактанып өскөн цитоплазмадан турган кристаллдары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]