Мазмунга өтүү

Дугуйлан кыймылы

Википедия — ачык энциклопедия

Дугуйлан кыймылы - 19-кылымдын 2-жарымы - 20-кылымдын башында Ички Монголиядагы (Кытай) араттардын демократиялык боштондук кыймылы («дугуйлан» - жедилбес арат көтөрүлүшчүлөрүнүн уюшмасы).

Бул кыймыл Тайпинь көтөрүлүшүнүн (1850-64) таасиринен улам манжур бийлигине каршы чыккан. Дугуйлан кыймылы айрыкча Кытайдагы Ихэтуаней көтөрүлүшүнөн (1899- 1901) жана Орусиядагы 1905-07-жылкы революциядан кийин күч алып, кеңири кулач жайган. Ордостун бир нече районунда дугуйландар 3 жылдай бийлеп турган. Алардын айдыңы Сырткы Монголиядагы араттарга да тийген. Бирок Дугуйлан кыймылы акыры манжур бийлиги тарабынан басылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.