Дуйшеналиев, Туратбек Болотбекович

Википедия дан

Дүйшеналиев Туратбек Болотбекович (1960-ж. туулган Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2002). Деформациялануучу катуу нерселердин механикасы тармагы боюнча адис. Ростов-на-Дону курулуш-инженерлер институтун (1982) бүтүргөн. ФПИде инженер-программист, окутуучу, улук окутуучу, доцент, Курулуш механикасы кафедрасынын башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атындагы КТУда кафедра башчы, 1999–2002-жылдары проректор, 2010 жылдан баштап Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин ректору. 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, техникалык университетин студенттери үчүн 2 окуу куралы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1