Дулатова Гүлшара

Википедия дан

Дулатова Гүлшара (1930, Токмок шаары) — кыргыз совет артисти. Кыргыз ССРинин эл артисти (1977). Ташкендеги Н. Островский атындагы мамлекеттик театр өнөр институтунун актёрдук бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) бери Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти. Д. ар түрдүү драмалык, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн диапазону кеңири артист. Анын театр өнөрүндөгү ишмердүүлүгү эпостук чыгармалардын негизинде жазылган драмаларда аткарган ролдорунан айкын көрүнөт.

"Манас" үчилтиги боюнча жазылган спектаклдерде Д. түзгөн эпикалык образдарга терең жарандык, психологизм мүнөздүү. Анын аткарган ролдору: "Манастын уулу Семетейде" Чыйырдынын жан-дүйнөсүн терең ачып берсе, "Сейтек" спектаклинде керт башынын кызыкчылыгын гана көздөгөн амалдуу, каардуу Мастан кемпирдин терс образын жана "Айкөл Манаста" "эл башына күн түшсө, эл коргоочу эр келет", алп Манасты тапкан жөнөкөй эне эле эмес, ал биринчи кезекте кысталышта жол тапкан, кыйын кезде сөз тапкан акылман, даанышман эне экендигин артисттик чеберчилиги менен айкалыштырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө идеал эне катары жеткире алган. Элдердин достугу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4