Мазмунга өтүү

Думы

Википедия — ачык энциклопедия

Думы - украин оозеки-муз. фольклорунун эпика-лирикалык жанры.

Мазмуну боюнча тарыхый окуяларга арналат. Думы 15-17-кылымда казактардын аскердик демократиясынын өзгөчө шарттарында пайда болгон. Думынын репертуарынын негизги бөлүгүн сокур ырчылар - кобзарлар түзгөн. Думыда татар-түрктүн колуна түшкөн украин кул туткундардын көргөн азаптозогу, поляк шляхтасынын эзүүсүнө каршы украин элинин боштондук согушу баяндалган. Кийин Улуу Октябрь революциясы, Граждандык жана Улуу Ата Мек. согуш жөнүндө Думылар пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.