Дунгандар көтөрүлүшү

Википедия дан

Дунгандар көтөрүлүшү – 1862–77-ж. Цин империясынын курамындагы дунган калкынын азаттык күрөшү. 19-к-дын 1-жарымында ислам динин карманган дунгандар Цин бийлиги тарабынан катуу эзилүүгө дуушар болгон. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү менен, өздөрүн чыныгы мусулман деп (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептеген. Өзүлөрүн «турген» деп аташса, кытайлыклар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө салып эркектеринин чачын өрдүртүп, аялдарынын буттарын таңып басууга жана кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы менен, башталардан мурун эле «мусулмандар» жана «каапырлар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут жана дин ажырымы өзгөчө роль ойногон. Дунгандар көтөрүлүшү 1862-ж. Шаньси провинциясындагы Синган шаарында башталып, ага дунгандардын бир көпөсү манжурлар колдуу болуп өлтүшү шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот), сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожолор менен имамдар бардык эркектерди жашына карабай «каапырларга» каршы «газават» жарыялоого чакырган. Туулуп-өскөн үйлөрүн, айыл-кыштак, шаарды калтырардан мурун душмандын колуна кетпесин деген дунгандар үй-бүлөсүн (балдарын ж-а аялдарын) өз колу менен өлтүрүп кетүүгө мажбур болушкан. 1864-ж. жай айында Үрүмчү шаарында жайгашкан аскер гарнизону талкаланып, август айында Синьцзян автономиялуу округунун борбору болгон Кулжа шаарындагы дунгандар көтөрүлгөн. Цин бийлиги жардам сурап, бир нече жолу Орус империясына кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн Орто Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкарган. Күрөш күчөп, 1866-жылдын башында Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгышындагы Карашарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтыган чакан дунган мамлекети түзүлгөн. Ал мамлекеттин башына Лотай деген дунган шайланган, бирок кашкарлык кожолор көтөрүлүп, көп узабай Кашкар шаары борбор болгон Жетишаар (башында Алтышаар деп аталган) мамлекети түзүлгөн. Анын башында адегенде Бузурук кожо, анан Йакуб бек [[[Жакыпбек]] Байдөөлөт (Бадаулет)] туруп, 1870-ж. анын аскери Үрүмчүгө чабуул жасаган. Өзүнүн коопсуздугун шылтоологон Орус империясы да 1871-жылы аскерин Илеге киргизген. Мындай абалдан пайдаланган цин аскери 1873-жылы Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басып, 1876-жылы жай-күз айларында Гучан, Фукан, Үрүмчү, Манас шаарын алышы менен дунгандар жеңилүүгө учураган. Цин империясынын аймагында жашаган кыргыздар менен казактар дунгандарга колдоо көрсөтүшкөн.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гейнс А. К. О восстании мусульманского насе¬ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине ХIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959.