Дурусалиев, Жумаш

Википедия дан
Жумаш Дурусалиев
Музыкант, композитор, скрипкачы Жумаш Дурусалиев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жумадыл Дурусалиев
Туулган жылы: 1993-жыл, 8-үчтүн айы
Туулган жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Окуган жери: Лондон шаарындагы Падышалык Музыка коллежи (Royal College of Music in London) (2012-2013)
Адистиги: скрипкачы, музыкант, композитор
Аспабы: скрипка
Жанрлары: классикалык музыка, кыргыз фольклору
Устаттары:
  • Казбек Бекмуратов – Кыргызстан; Нина Патрушева – Казакстан; Питер Занре – Шотландия, Саймон Фишер – Англия, Люция Ибрагимова – Лондон (Улуу Британия)
Наамы. Сыйлыктары: Brackenburie Award сыйлыгы (2008); «Henry Wood Trust» сыйлыгы (2012); ж.б.


Жумаш (Жумадыл) Дурусалиев (англисче Djumash Durusaliev, толугураак Djumadyl Durusaliev; орусча Джумаш Дурусалиев) – кыргызстандык заманбап музыкант, скрипкачы жана композитор. Ушул тапта Улуу Британияда жашайт. Атажурту - Кыргызстан. Жумаш Дурусалиев азыркы тапта жаш болсо да Батыш дүйнөсүнө таанылда баштаган музыка өнөрпозу. Ал музыка тармагындагы айрым сыйлыктардын ээси.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумаш Дурусалиев 1993-жылы (үчтүн айынын), б.а. январ айынын 8инде Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте туулган.

1999-жылы (алты жашында) Жумаш Бишкек шаарындагы № 70 гимназиялык комплекске 1-класска кабыл алынат. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке да кабыл алынат.

Ал 2000-жылы музыка жаатындагы алгачкы ийгиликтеринин аркасында “Satsuki Shoolarship” (Сатцуки стипендиясы) деген стипендияга татыйт. Бул стипендия Жапониянын Осака шаарындагы Soroptimist Ikeda Minoo (Сороптимист Икэда Муноо) кору тарабынан уюштурулган.

Жумаш 2001-жылы Кыргызстандагы “Мээрим” кору тарабынан уюштурулган “Жаш таланттар – 2001” сынагынын экинчи даражадагы диплому менен сыйланат. 2002-жылы ушундай эле сынактын (“Жаш таланттар – 2002”) Биринчи даражадагы дипломуна татыйт.

2001- жана 2002-жылдары жакшы окугандыгы үчүн өзү окуган гимназиянын Ардак кагаздары менен сыйланган.

Жумаш 2002-жылы телчигип келе жаткан талант катары жылуу сөзгө арзыйт. Ага «Москванын чеберлери» («Виртуозы Москвы») оркестринин директору Владимир Спиваковдун кору 19-кылымдагы айтылуу француз устасы Амадео Дюдоне тарабынан жасалган өтө сейрек скрипканы тартуулайт.

2003-жылы он жашар Жумаш Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан уюштурулган Балдардын музыкалык мектептеринин Үчүнчү жумурияттык сынагынын баш байгесин (гран при) утуп алат.

Жумаш 2003-жылдын апрел-май айларында чыгаан кыл аспабтарынын аткаруучусу Йо Йо Ма жана «Улуу Жибек Жолу» ансамбли (Yo Yo Ma & Silk Road Ensemble) уюштурган чеберчилик классына эң жаш өнөрпоз катары катышат.

Ал 2003-жылы сентябрда Казакстандын Алматы шаарындагы Куляш Байсейитова атындагы таланттуу балдардын музыкалык мектебиндеги Казакстандын эмгеги сиңген мугалими, профессор Н.М.Патрушеванын классына окууга кабыл алынат.

Жумаш 2004-жылы августта, он бир жашында, Улуу Британиянын Шотландия жергесиндеги музыкалык академияга (Dyce Academy ACMS) окууга кабыл алынат.

Ошол эле 2004-жылы ноябрда атайын музыкалык сынак тапшырып, Улуу Британиянын музыка боюнча падышалык мектептеринин Бирдиктүү Кеңеши (The Associated Board of the Royal Schools of Music) тарабынан бешинчи даражадагы артыкчылыктуу дипломго татыйт. Бул Кеңештин колдоочусу (патрон) – Улуу Британиянын канышасы Элизабет Экинчи экендиги маалым.

2004-жылы декабрда ал жалгыз өзү Шотландиядагы айтылуу Кэмни концерт залында (Kemnay Hall) кайрымдуулук концерьтин берип, анда чогулган акча каражаты толук Кыргызстандын балдар жана аялдар үчүн абактарын жакшыртуу долбоорлоруна жиберилген.

Ал эми 2005-жылы март айында Жумаш аталган концерт залында ушундай эле концерт берип, анын каражаты толук Кыргызстандагы карыялар үйлөрүн куруу долбоорлоруна жиберилген.

Жумаш 2005-жылы июнь айында «Шотландиянын түндүк-чыгышынын музыкасы - 2005» (Music in North-East of Scotland 2005) сынагында биринчи орунду ээлеген. Сынакты Музыка, бий жана көркөм сөз жаатындагы британдык федерация (The British Federation of Festivals for Music, Dance and Speech) уюму өткөргөн.

2005-жылы июлда АКШнын «Гринлейк музыка стипендиясын» (‘Greenlake Music Scholarship’) утуп алган.

Жумаш 2006-жылы февралда Британияда «Инвернис музыка фестивалынын» (Inverness Music Festival) сынагынын 1-орунунун жеңүүчүсү болуп калды. Бул сынак Британдык жана эл аралык фестивалдар федерациясы (The British and International Federation of Festivals) тарабынан уюшулган болчу.

2006-жылы март айында Жумаш мырза “Элгин-2006” (Elgin -2006) сынагында 1-орунга татыды. Ага конкурсту уюштурган Британдык жана эл аралык фестивалдар федерациясы тарабынан “Эң мыкты аткаргандыгы үчүн” алтын күбөлүгү (сертификат) ыйгарылган.

Ошол эле жылы март айында Би-Би-Синин 3-үналгысына туңгуч ирет (англис тилинде) маек курган. Ал эми 2006-жылдын апрел (чын куран) айында Жумаш Улуу Британиядагы Би-Би-Си компаниясынын Улуттук Жаштар оркестрине (National Youth Orchestra of UK-BBC) кабыл алынып, мында ал 1-скрипкада ойноп калган. Бул оркестрдин курамында Эдинбург жана Глазго шаарларында концерт берген.

2006-жылы сентябр (аяк оона) айында Жумаш даңазалуу скрипкачы, лорд Иегуди Менухин атындагы эл аралык музыка мектебине (YMS) конкурстан тыш окууга кабыл алынган. Британиядагы бул мектеп Жумаштын чеберчилигин андан аркы арттыруусуна чоң таасир тийгизген.

Жумаш 2007-жылдын январында (үчтүн айында) Иегуди Менухин атындагы эл аралык музыка мектебиндеги кыл аспаптык квартеттин лидери болуп калды. Ошол эле маалда жалгыз өзү да мектебинин концерт залында бир катар концерттер берди.

Жумаш 2007-жылдын июн (кулжа) айында Кипрде Ларнака музыка сарайында (Larnaka Music Hall) жайкы музыкалык фестивалдын жеңүүчүсү болду.

2008-жылы январда он бештеги Жумаш дагы бир олжолуу болду. Ага 400 жыл мурда италиялык уста Амати тарабынан жасалган баалуу с крипка белек кылынды.

2008-жылы март айында Жумаш Британиядагы жаш композиторлордун сынагына катышты. Жумаштын фортепианонун катышуусундагы үчилтик (трио) үчүн жана кыл аспаптар квартети үчүн жазган чыгармалары «Брэкенбөри сыйлыгына» (Brackenburie Award) татыды.

2008-жылы августта Жумаш Улуу Британиянын Англия жана Шотландия чөлкөмдөрүндө жалгыз өзү концерттер уюштурду.

Ал эми 2008-жылы июл (теке) айында болсо Жумаш Дурусалиев Лондон шаарында Кыргызстандын элчилигинин сүрөөнчүлүгү астында маркум жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган концерт берди.

2008-жылы августта Жумаш Австриядагы музыка профессорлору А.Айзенхут (А.Eisenhut) жана М.Кариолоу (M.Kariolou) атындагы стипендияларга татыктуу болуп, музыка чеберчилиги боюнча сабактарга катышты.

2008-жылы август (башоона) айында болсо Жумаш Дурусалиев Кыргызстандын ордосу Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылган уулу атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маркум жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган жеке концерт берди.

2009-жылы Жумаш айтылуу америкалык чебер Йо-Йо Ма менен жолугушту жана Лондон шаарындагы Алберт концерт сарайында (Albert Hall) концерт менен чыкты. (Белгилүү болгондой, Йо-Йо Ма виоленчел аспабында ойнойт. Ал - кыл аспаптарынын профессору. АКШнын Ак Үйүндө президент Барак Обаманын биринчи президенттиги маалында, 2009-жылдын 9-ноябрында, Йо-Йо Ма анын өкмөтүнүн Көркөм өнөр жана гуманитардык тармак комиссиясынын мүчөлүгүнө Archived 2009-11-07 at the Wayback Machine дайындалган).

2012-жылы декабр (бештин айы) айында Жумаш Дурусалиев Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылган уулу атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт берди. Аны Асанкан Жумакматов атындагы оркестр (дирижеру – Р.Осмоналиев) коштоду. Жаш өнөрпоз Жумаш П.И.Чайковскийдин скрипкалык концертин аткарды.

Прагадагы жеке концерт (2010)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз композитору жана скрипкачысы Жумаш (Жумадил) Дурусалиев апасы Айнур менен бирге "Азаттык" үналгысынын Прага шаарындагы башкеңсесинде конокто болду. 06.04.2010.

Жумадил (Жумаш) Дурусалиев Чехиянын борбору Прагадагы 2010-жылдын апрелиндеги концертте Эжен Изаинин сонатасын аткарып, музыкалык драмасы күчтүү чыгарманын ыргагында таланты ташкындап, музыка дүйнөсү баарын багындырып жаткандай туюлду.

Ал кезде 17 жаштагы аткаруучу Венявский, Римский-Корсаков, Крейслер, Бахтын чыгармаларын тартуулап, аягында Атай Огонбаевдин атактуу “Эсимде” аттуу ырынын обонун да аткарды.

Римский-Корсаковдун “Жапан аарынын ызылдагы” аттуу чыгармасы Жумаштын жогорку чеберчиликтеги аткаруучулук техникасын ачып көрсөттү.

Устаттары жана окутуучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Казбек Бекмуратов – Кыргызстан;
  • Нина Патрушева – Казакстан;
  • Питер Занре (Peter Zanre) – Шотландия, Саймон Фишер (Simon Fischer) – Англия, Люция Ибрагимова (Lutsia Ibragimova) – Лондон, (Улуу Британия).
  • Энеси, кесиби боюнча музыкант Айнур Дурусалиева (Ainur Durusalieva) да уулу Жумашка ар тараптуу көмөк көрсөтүп келет.

Айнур Дурусалиева баласынын талантын атасы экөө тээ кичинекейинде эле байкашканын “Азаттык” үналгысына (28.04.2010) мындайча айтып берди.

- Атасы экөөбүз тең музыкант болгондуктан Жумаш төрөлгөндөн тарта эле музыка дүйнөсүндө чоңойду. Бишкектеги үйүбүздө пианино бар болчу, үч жашында аны дыңкылдатып ойной баштады. Кийинчерээк дубалда илинип турган скрипканы көргөзүп, ушуну ойнойм деп сурап калды. Төрт жашында Шубин атындагы музыкалык мектепке алып барсам, скрипкага жөндөмдүү экен деп окута башташты. Анан бир жарым жыл ичинде үйрөнгөн чыгармаларын топтоп туруп, беш жарым жашында эң алгачкы концертин берди.

Айнур Дурусалиева өзү пианист, көп жылдар Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, кийин улуттук консерваторияда иштеген.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Brackenburie Award сыйлыгы (2008);
  • «Henry Wood Trust» сыйлыгы (2012)

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Фортепианонун катышуусундагы үчилтик (трио) үчүн чыгарма (2008)
  • Кыл аспаптар квартети үчүн чыгарма (2008)


Ал тууралуу айрым чыгармалар жана макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]






Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]