Духан сүрөсү
Jump to navigation
Jump to search
44-сүрө “Духан[1]”[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. Элүү тогуз айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Ха, Мим. [2]
- 2. Айкын Китепке ант!
- 3. Биз Аны кут даарыган ыйык түндө түшүрдүк. Акыйкатта, Биз эскертүүчүбүз.
- 4. Бул түндө бардык даанышман иштер бөлүштүрүлөт.
- 5. Бизден болгон буйрук бойунча Биз жөнөтүүчүбүз,
- 6. сенин Эгеңдин мээримдүүлүгү бойунча, анткени Ал – Угуучу, Билүүчү
- 7. Асмандагылар менен жердин, ал экөөнүн арасындагылардын Эгеси, эгер силер ишенүүчү болсоңор.
- 8. Андан башка Кудай жок, Ал тирилтет жана өлтүрөт, силердин жана оболку аталарыңардын Эгеси.
- 9. Жок! Алар шектенип, ойун-күлкү кылышууда.
- 10. Асман айкын түтүн менен келген күндү[3] күтүп тур.
- 11. Ал адамдарды каптап калат. Бул оорутуучу жаза.
- 12. “Эгебиз! Бизден жазаны кайтар. Биз ишенүүчүлөрбүз”.
- 13. Ачык-айкын айаттар менен аларга келген пайгамбардын эскертүүсү кайда?
- 14. Алар андан бет бурушту да “Окутулган[4], жинди”, – дешти.
- 15. Чындыгында Биз азапты азыраак токтото турабыз. Анткени, Бизге кайтасыңар.
- 16. Биз чоң кыйроо менен кыйраткан күнү: Биз акыйкатта өч алуучубуз.
- 17. Биз аларга чейин Фараондун элин сынаганбыз. Аларга ардактуу пайгамбар келген.
- 18. “Мага Алланын пенделерин тапшыргыла, мен силерге ишенимдүү пайгамбармын”, – деди.
- 19. Алланын алдында көтөрүлбөгүлө, анткени мен силерге негиздүү далилдер менен келем.
- 20. Силер мени таш менен урбооңор үчүн менин жана силердин Эгеңер менен сактандым.
- 21. А эгер силер мага ишенбесеңер, мага зыйан кылбагыла.
- 22. Ал Эгесине: “Бул адамдар күнөөкөр коом” – деп жалбарды.
- 23. “Түн ичинде Менин пенделерим менен бирге чык! Анткени, алар сени куугунга алышат[5],
- 24. деңизди ачык койуп кой[6], анткени алар чөктүрүлүүчү аскерлер.”
- 25. Алар канча бактарды жана булактарды калтырды.
- 26. Эгин талааларын жана ардактуу орундарды,
- 27. Жана алар ырахаттанган жакшылык жыргалдарды.
- 28. Мына ушундай! Биз мунун баарына башка элди мураскор кылдык.[7]
- 29. Алардын үстүнөн асман да, жер да ыйлаган жок жана алардын мөөнөтү узартылбады.
- 30. Биз Исраил урпактарын кордоочу азаптан куткардык,[8]
- 31. Фараондон. Анткени ал текебер, чектен чыккандардан эле.
- 32. Биз аларды илим менен дүйнөнүн үстүнө тандап алдык.[9]
- 33. Аларга Биз сыноо болгон ачык-айкын айаттарды келтирдик.
- 34. Мына алардын[10] айткандары:
- 35. “Бизде бир гана өлүм бар. Биз (өлгөн соң) тирилбейбиз.
- 36. Эгер силер чынын айтып жатсаңар биздин аталарыбызды (тирилтип) келтиргилечи”.
- 37. Алар жакшыбы[11], же Тубба[12] коомубу, же аларга чейинкилерби?[13] Аларды Биз ойрон кылдык, анткени алар күнөөкөрлөр эле.
- 38. Биз асмандар менен жерди, алардын арасындагыларды ойноп жаратканыбыз жок.
- 39. Биз аларды акыйкаттык менен жараттык, бирок көпчүлүгү аны билишпейт.
- 40. Акыйкатта, ажыратуучу күн[14] – алардын баарынын мөөнөтү.
- 41. Ал күнү дос досун куткара албайт жана аларга жардам берилбейт.
- 42. Алла мээримдүүлүк кылгандарынан башкаларына. Анткени Ал – Улуу, Мээримдүү.
- 43. Акыйкатта заккум[15] дарагы,
- 44. күнөөкөрлөр үчүн тамак,
- 45. ээриген жез өңдүү, курсактарында[16] кайнайт,
- 46. кайнаган суу өңдүү.
- 47. Аны алгыла да тозоктун дал ортосуна сүйрөп баргыла!
- 48. Андан соң анын төбөсүнө кайнак суудан куйгула!
- 49. Таткын! Анткени, сен ызааттуу, улуксуң.[17]
- 50. Акыйкатта бул силер шектенип келген нерсе” (делинет).
- 51. Аныгында такыбалар тынч жайда[18],
- 52. Бак дарактардын жана суулардын араларында.
- 53. Алар жука жана жибектен кийим кийип, маңдай тескей жайгашат.
- 54. Мына ушундай. Биз аларды кара көз үр кыздары[19] менен үйлөндүрөбүз.
- 55. Алар анда түрдүү ишеничтүү жемиштен талап кыла алышат.
- 56. Алар анда биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт жана Ал аларды от азабынан куткарган.
- 57. Эгеңдин мээримдүүлүгү бойунча. Бул улуу сыйлык!
- 58. Биз аны[20] сенин тилиңде жеңил кылдык. Мүмкүн алар насаат алышаар.
- 59. Күткүн, анткени алар да күтөт[21].
- [1] Духан – түтүн.
- [2] Мааниси бир Аллага маалым.
- [3] Кыйын кезең, ачарчылык келген күнү. Анткени катуу ачка болгон адам алсыздыгынан көзү тунарып аны менен асмандын ортосун түтүн сымал көрөт. Тафсир Ал-Байзавий.
- [4] Бул Куранды бирөөдөн үйрөнүп жүрөт.
- [5] Алла Тааланын буйругу
- [6] Деңизден өтүп алгандан кийин.
- [7] Фараон аскерлери менен кыргын болгондон кийин 1) Исраил урпактары Египетке мураскор болуп калган (Хасан ал-Басринин пикири бойунча); 2) Башка да элдер (Катаданын пикири бойунча).
- [8] Египеттиктер аларды кулдукта кармап, каалагандай эзип, кичинекей эркек балдарын өлтүрүп турушкан.
- [9] Исраил урпактары кулдуктан кутулган соң, бир канча убакыттардан кийин алардын урпактары гүлдөгөн аймактарга отурукташкан. Дауд, Сулаймандын учурунда күчтүү мамлекетке айланган. Алла Таала Исраил урпактары үчүн Тооратты жана Забурду берген.
- [10] Сөлөкөттөргө жалган кудайларга табынган араб мушриктери.
- [11] Меккелик сөлөкөткө табынуучулар, жана алар менен байланыштуу болгон байлык, дөөлөт, мансап сыйактуу түшүнүктөр.
- [12] Йемендик Химйар падышанын династийасынын аталышы.
- [13] Башка да байыркы күч-кубаттуу элдер.
- [14] Кыйамат күнү.
- [15] Заккум – Тозоктун түбүндө өсүүчү түрү суук дарак. Анын мөмөлөрү шайтандын башына окшош, а бутактары учтуу тикенектүү болот. Бул мөмө тозоктогуларга мажбурланып жегизилет.
- [16] Тозоктогу күнөөкөрлөрдүн.
- [17] Өз ойунда өзүн ызааттуумун деп сезген.
- [18] Эч нерседен бейкапар, чексиз бактылуу абалда Бейиш жайында болушат. Анда бардык нерселер жогорку көркөмдүктө, көз тайгылткан кооз абалда болот.
- [19] Тил жеткистей келишкен сулуу кыздар, алардын көздөрү адамды өзүнө тарткандай өзгөчө көркөмдүү, алар Бейишке киргендердин жубайлары болушат. “Рахман” сүрөсүндө да Бейиш тууралуу кененирээк сүрөттөлгөн. О.э. башка сүрөлөрдө да бар (караңыз).
- [20] Куранды.
- [21] Мухаммед, алардын эмне болоорун күткүн, анткени алар сени кырсыкка калат деп күтүп жатышат. (Сафват Ал-Тафасир).