Дуңганова Бурул
Дуңганова Бурул Саймачы жана куракчы. 1939-ж. Тоң районундагы Кызыл-Чек айылында төрөлгөн.
Бишкектеги № 17 кесипчилик-техникалык окуу жайын бүткөн. ВЛКСМ фабрикасында иштеген, 1980-жылдан «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайында узданат. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун жана Башкармасынын мүчөсү. «Айтматов клубунун» мүчөсү, Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлиги тарабынан «II сынактагы сүрөтчү-чебер» деген наам берилген. Кыргыз кыз келиндер институтунда узчулук боюнча чебер болуп иштеген. Бурулдун саймачылыгында туш кийиздерине «көөкөр көчөтүн» табакчаларында ортолук көчөт кылып берүү мүнөздүү. Мында көчөт ортолорунда «мүйүз оюмдары» катыш жасап, четтик көчөттөрү үчүн «кыял оюмдарын» кызыл түстө берүү мүнөздүү көрүнөт да, «суусу» актан жүргүзүлөт. Андай жагдай анын белдемчи, кемсел, бешмант, чыптама, чапан өңдүү кийимдерине да шарттуу. Уз жашыл түстү сары, кызыл түстү көк аркылуу жупташтырат. Курактарында кара күрөң, кызгылт сары түстөр бири бирине «омуртка оюму» аркылуу жагызылат да ала чакмактанбайт, түстөр коңурдукту баамдатып турат. Ага анын жер төшөктөрү, туштуктары, отургуч жапкычтары, туш кийиздери кирет. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987 ж. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Эл чеберлеринин республикалык кароо-сынагы». Курак буюмдары үчүн Кыял элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин II даражадагы диплому; 1988 ж. «Элдик кол өнөрчүлөрдүн ЭЧЖРКндөгү көркөм көргөзмөсү». Сайма, курак үлгүлөрү үчүн Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун Ардак грамотасы; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көркөм көргөзмөсү». Курак, сайма буюмдары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0