Дыйканалиева, Нургүл Эсенкуловна

Википедия дан
Нургүл Дыйканалиева Прага шаарында. Чехия. 2006-жыл.

Нургүл Эсенкуловна Дыйканалиева (1957-2012) – ала-тоолук кыргыз китепканачы жана библиограф айымдардын бири, агартуучу.

Ал эне тили - кыргыз тилинен башка казак, орус, англис, чех тилдеринде эркин сүйлөгөн.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нургүл Эсенкуловна Дыйканалиева 1957-жылы (тоок жылы) бирдин айынын (февралдын) 13үндө Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кашка-Суу кыштагында туулган.

Атасы – Эсенкул Дыйканалы уулу – чүйлүк моңолдор уруусунан болот. Энеси Күлайдын атасы - Чоң да моңолдор уруусунан чыккан жана Кашка-Суу айылындагы бай кишилерден болгон. Чоңдун байбичесинин теги – меркелик казак болгон.

Эсенкул менен Күлай он бир баланы тарбиялап өстүрүштү.

Нургүл өз айылында башталгыч мектепти, Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айылында орто мектепти аяктаган.

Кыргызстанда кардиология тармагын негиздегендердин бири, айтылуу академик Иса Ахунбаев 1973-жылы Бишкекте (ал кездеги Фрунзе шаарында) Нургүлдүн жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасаган. Профессор Ахунбаевдин жардамчылары – кийинчерээк залкар окумуштуулар болгон Сейтхан Жошибаев, Аспандияр Маралов, жана башка кардиологдор эле.

Өзүнүн жүрөгүнө жасалма клапан ийгиликтүү орнотулган алиги операция тууралуу Нургүл өзү мындайча эскерген:

“Мени 1973-жылдын күзүндө Охмадеттен Ахунбаевдин клиникасына которушту. Мен Маралов Аскен Нисеновичтин палатасына түштүм. Ал жерден мен дароо эле хирургдардын орой эмес, чечкиндүү дарылаганын көрдүм. Адегенде оорулууну туш тарабынан карап, башы-көзүн, кулак-мурдун, ичин-тишин, өпкө-боорун бүт текшерип, дарылап, операциядан кийинки опурталдуу мезгилде кабылдап кетпесин деп бардык коркунучтун алдын алышаар эле.

Врачыбыз, Аскен Маралов "Чыпалагыңардын учу ооруса да айткыла, биз билишибиз керек, операция алдында эч бир кынтык калбашы керек", - деп айтчу.

Ал клиникада дүйшөмбү, жума күндөрү профессордук кезүү (обход) болот. Ошол күндөрү таңдан тарта бүткүл клиникада кымгуут, палаталык врачтар оорулууларынын таржымалын, акыркы күндөрдөгү өзгөрүүлөрдү профессорго толук баяндоого даяр турушат.

Медсестралар оорулууларды обходго даярдап, ар биринин тумбочкасын текшерип, үстүнө рентген сүрөттөрүн коюп чыгышат, "баарың тең, сөзсүз, койкаңарда болгула" деп эскертип кетишет.

Иса Коноевичтин обход маалындагы элеси менин эсимде артыкча калды. Демейде профессор коридордон көрүнө калса, апкаарый түшүп, четтей берет элек. Жаныбыздан өткөндө сүрдөп, учурашканга араң жарап калчубуз. Ал киши басып келатса, алп келаткандай, бүтүн коридор солкулдап тургандай туюлат эле.

Мага операция жасаган ошол алтымыш беш жаш курагында профессор Иса Ахунбаев элүүдөгүдөй тың, күч-кубаты толукшуп турганы бүткүл турпатынан, үнүнөн сезилип турган экен.

Операциядан кийин мени жүдөткөн кара ой өзү эле кетти, турмуш жаңыдан башталды” (Булак: “Кут билим” гезити, № 32, 26.09.2008-ж.).

Нургүл Дыйканалиева Вена шаарында. Австрия. 2008-жылдын 9-ноябры.

Нургүл 1977-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Кыз келиндер институтунун (азыркы Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин) филология факультетинин китепканачылык жана китеп таануу бөлүмүнө тапшырган. Аны 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1982-84-жылдары Кыргыз Улуттук китепканасынын Улуттук библиография бөлүмүндө библиограф болуп эмгектенген.

1984-85-жылдары Аламүдүн районундагы Аламүдүн совхозунда Кашка-Суу айылында совхоз кеңсесинде катчы болуп эмгектенген.

1985-жылдан кийин үй кызматкери болгон.

1985-88-жылдары Өзбекстандын ордосу Ташкен шаарында, 1988-жылдын декабрынын соңунан 1998-жылдын май айына чейин Кыргызстандын ордо шаары Бишкек шаарында жашаган.

1998-жылдын май айынан 2000-жылдын август айына чейин Лондон шаарында (Нью-Молден жана Саттон аймактарында) жашаган.

1998-жылдын август айынан 2012-жылдын февраль айынын башына чейин Чехиянын Прага шаарында жашаган.

2008-жылы ал “Кут билим” гезитине жарыялаган макаласында өзүнүн саламаттыгы жана профессор Иса Ахунбаев тууралуу мындайча эскерген:

“...Былтыр (2007-жылы) ден соолугум саал начарлап, Прагадагы айтылуу Мотол ооруканасынын кардиология бөлүмүнө түшүп калдым, бирок бат эле айыгып чыктым.

Оболу чех дарыгерлери мени көрүп эле, жүрөгүмө салынган клапанды тез арада алмаштыруу керек деп айтышты. Мындай клапандарды бул жерде 15-20 жыл мурун бүт жаңы түрүнө алмаштырышкан экен. Көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин чех кардиологдору мендеги клапан жакшы иштеп жатканын ырасташты да, "Мындайды биз күткөн эмеспиз" деп айтышты. Мен аларга "Бизде Ахунбаев деген улуу хирург болгон. Ал Дүйнөлүк дарыгер эле" дедим.

Мен ал кишини орустун улуу окумуштуусу Михайло Ломоносов менен салыштырам. Ал экөө бирдей прогрессивдүү болгон. Экөө тең элет жеринен чыгып, сабатка, илимге умтулуп, аралыктарды тоскоолдук көрбөй, билим чордонуна жөө жетишкен жана анын бийик сересин багындырышкан”. (Булак: “Кут билим” гезити, № 32, 26.09.2008-ж.).

Нургүл Дыйканалиева Бээжин шаарында. Кытай. 2009-жылдын 25-июлу.

Нургүл 2012-жылдын февраль айынын башында Прагадан Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына биротоло көчүп келди. Август айында уулу Алмазды үйлөндүрдү.

2012-жылдын 16-сентябрында түштөн кийин Бишкектеги үйүндө капысынан инсульт болуп, эс-учун жоготуп, 17-сентябрда таңкы саат 4тө Бишкектеги жумурияттык оорукананын нейрохиругия бөлүмүндө 55 жашында дүйнөдөн кайткан.

19-сентябрда (шаршемби күнү) туулуп-өскөн айылы Кашка-Сууда күн чыгыштагы адырдагы мусулман көрүстөнүндө жерге берилген. Бул көрүстөнгө 1985-жылы январда чарчап калган тун кызы Мээрим да коюлган болчу.

Чыгармачылыгы. Агартуучулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нургүл Эсенкуловна Дыйканалиева Кыргызстандын мезгилдүү басма сөз каражаттарында бир катар популярдуу макалалар, этюддар жарыялаган. Интернетте да анын кыргыз тили жана маданияты тууралуу айрым пикирлери жарыяланып турган.

Нургүл Дыйканалиеванын айрым үналгы этюддары 1999-2000-жылдары Би-Би-Си Кыргыз кызматынын берүүлөрүндө обого чыккан.

Нургүл ПИАКтын (Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын) Германия, Татарстан (Орусия), Ички Монголиядагы (Кытай) айрым жыйындарына байкоочу катары катышкан.

Нургүл бир китепке редакторлук кылган. Күйөөсүнүн кол жазмаларын даярдоого көмөк берип келген.

Прагада турган жылдары айрым учурларда Чехиядагы кыргыз диаспорасынын айрым өкүлдөрүнүн балдарына кыргыз тилинен сабак берген. Бул өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын маданий жыйындарына ырааттуу жана жандуу катышкан.

Нургүл макалаларын кээде "Айгүл Асан" деген адабий ат менен да жарыялап турган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нургүл Дыйканалиева менен күйөөсү Тынчтыкбек Чоротегин Санжи (Шенцзи) шаарында. ШУАР, Кытай. 2009-жылдын 3-августу.

Жубайы – кыргыз тарыхчысы жана журналисти Тынчтыкбек Чоротегин (алар 1982-жылы апрел айынын соңку күнү Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында мусулманча никеге туруп үйлөнүшкөн, ошол жылдын 15-майында расмий никелик каттоодон өтүшкөн).

Нургүл Дыйканалиева менен уулу Алмаз Чороев Лондон Экономика Мектебинде. Улуу Британия. 2009-жылдын 17-декабры.

Бир уулу (Алмаз), эки кызы (Бегимай, Айдина) бар. Уулу Алмаз Улуу Британиянын борборундагы Лондон Экономика Мектебинин магистрдигин эл аралык мамилелер адистигинде аяктаган. Кызы Бегимай Австриянын Виенер Нойштадт шаарындагы университеттин магистрдигин каржы адистигинде аяктаган. Айдина орто мектепте окуйт.

Нургүлдүн бир туугандары - Дүйшөнаалы байкеси, Аписа эжеси, Абды, Жеңиш, Амангелди байкелери, Маданият (Макен), Айгүл (Сакен) эжелери жана өзүнөн кичүү Аалы иниси, Айнура сиңдиси жана ата-энесинин көкүрөк күчүгү - Кенже иниси. Агалары Дүйшөнаалы менен Жеңиштин көзү өткөн.

Кезген жерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нургүл Дыйканалиева Рим шаарында. Италия. 2010-жылдын 20-декабры.

Бир катар чет мамлекеттерди жана шаарларды кезген.

Алардын арасында мурда СССРдин курамында болгон Орусия (Татарстан, Тыва, Алтай, Хакасия, Шория, Түндүк Кавказ, шаарлардан – Казан, Ленинград, Москва, Сочи, ж.б.), Азербайжан, Грузия, Эстония, Казакстан жана Өзбекстан бар.

Ал ошондой эле Австрия, Белгия, Германия, Испания, Италия, Кытай (Бээжин шаары, Улуу Кытай дубалы, Ички Монголия, Шинжаң-Уйгур автоном району), Словакия, Түркия, Франция, Улуу Британия, Чехия, Швейцария, ж.б. өлкөлөр бар.

Кыргызстандын Чүй, Нарын, Жалал-Абат, Ош, Ысык-Көл облусунун бир далай жерлерин кыдырган.

Анын ичинде Арпа, Солтон-Сары, Кара-Шоро, Шамшы, Суусамыр жайлоолорун, Арстанбап, Босого, Бугу-Төр, Кара-Тал-Жапырык сыяктуу жапайы токойлуу ажайып жайларды, Соң-Көл, Сары-Челек, Ысык-Көл көлдөрүн, Сулайман-Тоо, Жети-Өгүз, Жалал-Абат, Ысык-Ата курортторун, Падша-Ата, Апшыр-Ата сыяктуу саякат жайларды, Тогуз-Торо, Ноокат, Ноокен, Аксы, Өзгөн, Ат-Башы, Теңир-Тоо, Ак-Талаа, Жумгал, Тоң, Түп, Кемин, Кара-Кулжа сыяктуу райондорду кезген.

Даңазалуу айылдаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылынан бир катар чыгаан кишилер чыккан.

Алардын арасында Тойчу Кулунтай уулу Актанов (1910-1942) бар.

Ал - совет доорундагы кыргыз окумуштуу-агартуучуларынын алгачкыларынын бири болгон.

Бул айылда туулуп-өскөн дагы бир чыгаан инсан - Бейшенбай Тоголокович (Тоголок уулу) Мураталиев (1929-1973) болгон.

Ал Кыргызстандын совет мезгилиндеги коомдук жана мамлекеттик ишмери, экономика илимдеринин кандидаты эле.

Бул айылдан илимпоз географ Касымалы Жумашев, сүрөтчү А. Дайыров, генерал Алмаз Камчыбеков, боксчу Шайбек Карагазиев, жана башкалар чыккан.

Иса Ахунбаев тууралуу жазгандарынан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1975-жылдын күзү болсо керек, Валентина Писарева деген кырктар чамалуу куруучу-прораб аял менен чогуу болдук. Анын жүрөгүнүн митрал клапаны стеноз болгон экен, операцияны Сейтхан Жошубаев жасап, айыгып чыкты.
Бир күнү Валя Писарева жаш чагы тууралуу кызык кеп айтты.
Ал он алты жашында ооруканада санитар болуп иштеген экен да, иште эле түнөп калчу болот.
Таң ата ишке келип калган Иса Ахунбаевдин доошунан көзүн ушалап тура калчу экен.
Аны байкаган дарыгер бир күнү кабинетине чакырып, иштин жайын сурайт.
Валя:
- Иса Коноевич, мен үйгө баргым келбейт. Өгөй атам мени жек көрөт, тилдейт. Ал мен үчүн апамды сабай берет.Уруксат берсеңиз, мен ушул жерде эле түнөп жүрөйүн, - дейт.
Ахунбаев саам ойлонот да, айтат:
- Сен мен турган жерди билесиңби?
- Жок.
- Анда, мына менин дарегим, жумуштан соң биздикине бар. Мындан ары меникинде турасың, - деп, бир баракка дарегин жазып карматат.
Кечинде Валя профессор Ахунбаевдикине барат да, анда туруп калат.
"Мен ал үйгө барганда, Ахунбаевдин балдары жаш болчу, улуусу - Неля 7-класста окуса керек эле, кичинекей Медери төрт жашта болчу. Мен кыштакта өскөм, карап турбай, тартынбай билген ишимди жасап койчумун.
Иса Коноевич Москвага командировкага барганда, үй-бүлөсүнө кошуп мага да белек апкелиптир. Жакшынакай жарашыктуу пальто жана бир чоң коробка боёк карандаш алганымда сүйүнгөнүмдү айтпагыла". ("Кыргыз Туусу" гезити Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine, 2008-жылдын 23-сентябры).

Эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Анын редакторлугунда жарык көргөн китеп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акунов Аалыбек. Адам укуктары: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы / Аалыбек Акунов, Венера С. Ибраева; Редакторлор: Нургүл Дыйканалиева, Нуржан Дүйшө кызы; рец. М. М. Малабаев [ж.б.]. - Бишкек: Элпек, 1998. - 256 с.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Халлы, Худайберди; Чоротегин, Тынчтыкбек. Өмүр – аккан суу: Нургүл Эсенкул кызы Дыйканалиеванын элесине арналат: Эссе, макалалар, эскерүүлөр, термелер / Жооптуу редактор, баш сөз жазган, эскерүүлөр топтомун, тиркемени, сүрөттөрдү даярдаган жана түркмөнчө тексттен кыргызчага которгон Т. Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 204, XII б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-02-932-3. http://bizdin.kg/static/media/pdf/Nurgul-Esenkul-kyzy-Dyikanalieva.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • Чүй облусу: Энциклопедия. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1994.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]